МАНАПЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНАПЧЫЛЫК - кыргыз коомундагы башкаруу системасынын бири. Негизинен Кыргызстандын Россияга каратылышына чейинки мезгилде калыптанып, Октябръ Революциясынан кийин биротоло жоюлган. М. негизинен бий, баатырлар менен катар эле Түндүк Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда (бийлик жүргүзүү, эл тагдыры, коомдогу өндүргүч күчтөрдү тескөө, коомдук мамилелерди аныктоо) чечүүчү роль ойногон. Кээ бир окумуштуулар (С. Абрамзон, Ө. Осмонов, Т. Өмүрбеков ж. б.) М. институту адегенде сарыбагыш уруусунда калыптанып, кийинчерээк башка урууларга (солто, саяк ж. б.) тараган жана аны 19-к-дын аяк ченинде мансап катары Түндүк Кыргызстандагы бардык уруу башчылары кабыл ала баштаган деп эсептешет. Фольклор изилдөөчу Ы. Абдырахманов кыргыздын айрым урууларынын М. эмне экенин түшүнүп, бирок алар иштеген иштерди иштей албаганын белгилеген. Бирок Кыргызстан Россиянын колониясына айлангандан кийин падыша өкмөтү М. системасын өзунө атаандаш катары эсептеп, анын манызын өзгөртүүгө киришкен. Аны иш жузүнө ашыруу үчүн ар кандай реформалар (болуштуктарды түзүү) журүп, атайын мыйзамдар (шайлоо системасы) кабыл алынган. Ошондуктан бийликтен четте калбоо үчүн көпчүлүк манаптар М-тын мурунтан калыптанып калган этикалык каада-салтын бузууга (калыссыздык, паракорчулук) жол берип, натыйжада анын кадыры төмөндөп кеткен. М-тын качан пайда болгону белгисиз, бирок көпчүлүк изилдөөчүлөр аны
16-кылым аягы - 17-к-дын башында Түндүк Кыргызстанды бийлеген Манап бий менен байланыштырат.