МАМЫТОВ Аман: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (7 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы соңку нуска
МАМЫТОВ Аман (27. 5. 1927, азыркы ЫсыкКөл обл„ Ысык-Көл району, Бостери айылы - 25. 1. 1999, Бишкек) - Кыргызстанда топурак таануу илимине негиз салуучу, а.ч. илимдеринин доктору (1962), профессор (1963), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961, корреспондент мүчө, 1954), ВАСХНИЛдин (азыркы Россия а. ч. академиясы) академиги
(1978; корреспондент мүчө, 1973), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1974). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1949). 1953-64-жылы Кыргыз ССР ИАнын топурак таануу бөлүмүнүн, ошол эле мезгилде 1953-56-жылы КМУнун топурак таануу кафедрасынын башчысы. Кыргызстан топурак таануу ИИИнин (1964- 66), Орто Азия топурак таануу ИИИнин Кыргызстандагы филиалынын (1966-80) директору. 1974-жылдан Кыргыз ССР ИАнын президиумунун мүчөсү, 1978-85-жылы вице-президенти, 1987-жылы акад,- секретары, ошондой эле Биология институтунун тоо топурагынын пайда болушун изилдөө лабор-нын

башчысы. 1980-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Химия-технол. жана биол. бөлүмүнүн төрагасы жана 1992-жылдан Тоо топурагын таануу институтунун директору. ЗООдөн ашык илимий эмгеги (анын ичинде 20сы монография) бар. Эмгектери Кыргызстандын топурагын системалоо, классификациялоо, асылдуулугун жогорулатуу, а. ч. тармактарын ырааттуу жайгаштыруу жана жер кадастрын түзүү иштерине арналган. Кыргызстандын жерлерин ири масштабдуу картага түшүрүү, топурагын бонитировкалоо, агрономиялык топко бөлүү ыкмасын иштеп чыккан. «Кыргыз ССРинин топурактарынын картасы», «Орто Азия республикаларынын топурагынын картасы», «Орто Азия жана Түштүк Казакстандын тоо топурагынын картасы» сыяктуу түстүү карталарды түзүүгө катышкан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975-80). В. Р. Вильямс атындагы Алтын медаль, эки Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Агрохимические свойства почв Киргизии (в соавторстве). Ф„ 1969; Почвенные ресурсы и вопросы земельного кадастра Киргизской ССР. Ф„ 1974; Почвы Киргизской ССР. Ф„ 1974.