МАМЫРКУЛОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫРКУЛОВ Алик Бейшенович (10. 4. 1956- жылы туулган, Ош) - милициянын генерал-майору (2003). Алматы жогорку жалпы командалык окуу жайын (1977), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1992) бүтүргөн. 1977-81-жылы 0. Азия, 1981-92-жылы Түркстан аскер округдарында взвод, рота, батальон командири, штаб башчысы, 1992-97-жылы Казакстан Респ. гвардиясында бригаданын командири, командирдин 1-орун басары, 1997-98-жылы

КР ИИМде бөлүмдүн начальниги, аскер кызматы
жана күжүрмөн даярдык боюнча командачынын орун басары-начальниги, 1999-2002-жылы КРдин коргоо министрлигинде чек ара кызматы, чек ара коргоо башкы башкармалыктарында начальниктин орун басары, штаб начальниги-начальниктин 1-орун басары, начальниги, 2002- 03-жылы КР коргоо министринин орун басары, КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабында министрдин 1-орун басары, штаб начальниги, 2004- 09-жылы КР Коопсуздук кеңешинин башкы инспектору, 2011-жылдан КР Өкмөтүнүн аппаратында бөлүмдүн инспектору, бөлүм башчынын орун басары. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.