МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТТИК ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ - экол. укукту жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик көзөмөл кызматы. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүү менен коштолгон чарбалык же башка ишмердик процессинде ишкана, мекеме, уюм жана жарандардын экол. талаптардын жана жаратылышты
коргоо иш-чараларынын аткарышын көзөмөлдөйт. М. э. к. эң башкы 3 багытка ажырайт: 1) курчап турган айлана-чөйрөнүн абалын ылайыксыз жана кооптуу кубулуштардан сактоо максатында системалуу байкоо жүргүзүү (экологиялык мониторинг); 2) социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана чарбалык-техникалык долбоорлордо экол. талаптардын сакталышын текшерүү (алдын ала эскертүүчү же экологиялык көзөмөл); 3) айлана-чөйрөгө таасир этүүчү ишмердикте ишкана, мекеме, уюм жана жарандардын экол. талаптарды жана жаратылышты коргоо иш-чараларын аткарышын текшерүү (соңку же инспекциялык экол. көзөмөл).