МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ - мамлекеттин милдеттүү түрдө колдонулуучу тили. Мамлекеттик башкаруу, сот, иштери мекеме-ишканаларда жана билим берүүдө ж. б. колдонула турган, атайын бекитилген мыйзамдуу тил. 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» биринчи мыйзамы кабыл алынган. Учурда КР Конституциясынын 10-статьясыдда көрсөтүлгөндөй, КРдин мамлекеттик тили - кыргыз тили. 0. эле КР өзүнүн калкы сүйлөгөн (казак, өзбек, орус ж. б.) бардык тилдерди сактоону, тең укуктуу жана эркин өнүгүшүн жана колдонулушун кепилдикке алат. Мамлекеттик тилди билбегенине байланыштуу жарандардын укугун жана эркиндигин чектөөгө жол бербейт. Ошол эле учурда расмий тил мамлекеттик тилден айырмаланып турат. Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик тил менен расмий тил бирдей мааниде колдонулат. Мисалы, Швейцарияда конституция боюнча расмий тил болуп немис, француз, италян тилдери эсептелсе, мамлекеттик тил болуп немис, француз, италян тилдеринен башка дагы колдонулбаган ретороман тили белгиленет. КР Конституциясыньгн 10-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй КРде расмий тил - орус тили. КРде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 1998-жылы, 20-январда түзүлгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көз салат.