МАМЛЕКЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЛЕКЕТ (арабча мамлака, мамлакат - өлкө, хандык) - белгилүү бир коомду кучагына алган саясий уюм; өз алдынча аймактык ээлиги, кал­кы жана аны башкаруу, коргоо, ошондой эле ага кыз­мат өтөө үчүн атайын түзүлгөн бийлик аппара­ты болот. Илимде же эл аралык укукта «мам­лекет» түшүнүгүнүн бирдиктүү жана жалпы таа­нылган аныктамасы жок. Кийинки илимий адабиятта «баш ийүүгө аргасыз кылган атайын бийлик ап­параты бар бир тап же жалпы элдин кызыкчы­лыгы жана эркин көздөгөн коомдук саясий бий­ликтин өзгөчө уюму» катары түшүндүрүлөт. В. И. Лениндин аныктамасы боюнча М. - «бир тап экинчи таптын үстүнөн эзип турган машина». БУУ боюнча М. негизинен башка өлкөлөрдүн аны таанышына (башкача айтканда дипломатиялык элчилик ачуу) жараша аныкталат. М-тин качан, кай жерде пайда бол­гону жөнүндө так маалымат жокко эсе, марксист­тик көз караш боюнча М-тин баштапкы формасы (эмгек куралынын өнүгүшү) алгачкы коомдо эле пайда болуп, бирок саясий ж. б. бийлик институттарынын жок болушу менен мүнөздөлгөн. Ар­хеол. казууларга караганда эң байыркы М-тер адегенде Чыгыш (азыркы Кытай, Индия), Борбордук Азия жана Ж. Чыгышта (азыркы Ирак, Палес­тина ж. б.) пайда болгон. Бирок алардын ба­йыртадан берки туруктуулугу сакталган жок; чек аралар дайым өзгөрүп (кеңейип-кыскарып), кээ бир М-тер кыска гана убакыт өмүр сүргөн. Байыркы хунндардын империясынын ордуна Усун мамлекети, Турк кагандыгы, Моңгол им­периясы, Жуңгар хандыгы, Кокон хандыгы, СССР ж. б. түзүлүп, кайра жоюлуп турган. М-тин башкы функциясы өз элинин жашоосун камсыздоо (өнүктүрүү) болгондуктан, ал коом­дук-чарбалык иштерди аткаруу жана аймагын коргоону өз мойнуна алат. Азыркы учурдагы М-тин негизги белгилерине (аймак жана элинен тышкары) конституция, аскердик доктрина, башкаруу аппараты (президент, өкмөт, парла­мент, сот), коомдук-экономикалык (акча системасы, са­лык жыйноо) ишмердүүлүк, мамлекеттик тил, мамле­кеттик символдор ж. б. кирет. Башкаруу фор­масы боюнча монархиялык (абсолюттук, чектелген, конс­титуциялык, парламенттик ж. б.); респ. (пре­зиденттик, парламенттик, аралаш); монархия­лык респ. же респ. монархия ж. б., ал эми мамлекеттик түзүлүшү жагынан унитардык (латынча ипПаз - бө­лүнбөс, бүтүн; фр. ипНаНвш); федерациялык (соңку латынча ГоейегаПо - биримдик, уюм; фр. £е­йегаПоп); конфедерациялык (латынча сопГоебегаПо - союз, биримдик) болуп бөлүнөт. Булар да өз учу­рунда майдаланат, башкача айтканда унитардык М. - бор­борлошкон, борборлошкон эмес, татаал, жөнө­көй, улуттук; федерациялык - аймактык, улут­тук, улуттук-аймактык, борборлошкон ж. б.; конфедерациялык - демокр. (социал-демокр., либерал демокр., парламенттик), демокр. эмес (аристократтык, олигархиялык, авторитардык, деспоттук, тоталитардык, тирандык) болуп айырмаланат. Ошондой эле коомдук турмушта М-тин аткара турган ички (укуктук, саясий, уюшту­руу, экономикалык, социалдык, маданий, агартуу) жана тышкы (улуттук коопсуздукту камсыздоо, пай­далуу эл аралык мамилени жалгаштыруу ж. б.) функциялары болот. 2007-жылы дүйнөдөгү 193 өлкө М. катары эсептелип, Ватикандан башка 192си БУУнун мүчөсү. 0. эле башка өлкөлөр тигил же бул себептер менен тааныбаган өз алдынча ондо­гон М. бар.

Ад.: Ленин В. И. Полн. собр. соч., 5-е изд., Т. 39. М., 1958-65; Геллнер Э. Нации и национализм. М. 1991; Общая теория права и государства: Учебник. Под редакциялык Лазарева В. В. М., 1994; С1аеззеп Н. ■<. М. ЗШе //Епсус1оресИа о! СиНига! Ап111горо1о£у. Уо1. IV. Ме\у Үогк. 1996; Гринин Л. Е. Государство и истори­ческий процесс. М., 2007.