МАЛ ПОРОДАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛ ПОРОДАСЫ, мал тукуму - мал түрүнүн (уй, кой, жылкы, чочко ж. б.) теги бир, бирок тукумуна берилүүчү экстерьер-
конституциялык жана чарбалык пайдалуу белгилери боюнча айырмаланган тобу. М. п. адатта көп малды (бир түрү боюнча) камтыйт, себеби ушундай шартта гана порода ичиндеги чыгармачылык менен тандоо жана ылгоо иштери (породаны андан ары өркүндөтүү максатында) жүргүзүлүшү мүмкүн. М. п. адамдын узак убакыт бою жүргүзүлгөн тандоо ишинин негизинде чыгарылган. Ал жөнөкөй (жергиликтүү), заводдук жана өтмө М. п-ларына бөлүнөт. Жөнөкөй М.п. экстенсивдүү натуралай чарба шартында «максатсыз» жасалма тандоо менен табигый тандалуунун негизинде калыптанган. Бул порода жергиликтүү табигый шартка жакшы көнүккөн, аз өзгөрөт, чыдамдуу келет жана универсалдуу продукттуулугу (анча жогору болбосо да) менен айырмаланат. Азыркы породалардын көпчүлүгү - зоот М. п. Бул породанын негизги структуралык элементи - тукумдук эң мыкты эркек мал линиясы жана эң мыкты тубар мал тукуму. М. п-н өркүндөтүүнүн негизги ыкмасы - таза тукум мал өстуруу, анын жогорку баскычы - малды линиясы боюнча өстүрүү. Ө т м ө М. п. - жергиликтүү менен зоот М. п-нын ортосундагы порода. Мында асыл тукумдаштыруу иши ушул породалардан тандалып алынган жакшы мал арасында жүргүзүлөт. Көпчүлук М. п-лары 18- 19-к-да чыгарылган. КМШ өлкөлөрүндө ЗООгө жакын, анын ичинде уйдун 52, койдун 90, жылкынын 50, чочконун 31, уй куштарынын 36, коёндун 10, бугунун 5 породасы бар. Кыргызстанда уйдун 2, койдун 3, жылкынын 5, уй куштарынын Юго жакын породалары ийгиликтүү асыралып жатат.
Ад.: Лисицин А. П. Разведение сельскохозяйственных животных. М., 1987.