МАЛМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛМА, малмага салуу-1) тери ашатуу үчүн (айран, суу, улпак, туз ж. б.) даярдалган суюк аралашма (к. Тери ашатуу); 2) терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Кайыш, булгаары жасоо үчүн бодо малдын, кийиктин, кээде майда жандыктын териси М-га салынган. Туздуу айран, жарма, ун же улпактын аралашмасы чоң челекке куюлуп, ага челденген, жибитилген тери салынып, күн алыс аралаштырылган. Тери жыдып, ашаткыны боюна сиңиргенден кийин (5-7 күн) алынган. Андан ар кандай идиштер (көөкөр, көнөк, көнөчөк), кийим (чарык), ат жабдыктары ж: б. жасалган.