МАЛЕВИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛЕВИЧ Казимир Северинович [11 (23). 2.1878 (79), Киев - 15. 5.1935, Ленинград] - советтик сүрөтчү, график, искусство теоретиги, орус авангардизми­нин эң көрүнүктүү өкүлү. Абстракттуу искусство­нун суперматизм аталган түрүн негиздеген («Кара квадрат», 1913). М. Киевдеги сүрөт мектебинде (1895-96), Москва живопис, ийчилик жана зод­чийлик окуу жайында (1904) жана Ф. И. Рербер­гден (1905-10) окуган. 1911-12-жылы неопримити­висттик, 1913-14-жылы кубисттик менен кубофуту­ристтик маанайдагы чыгармаларды, 1914-15-жылы

К. С. Малевич. «Ка­ра буудай жыйноо». 1912, Амстердам.

супрематикалык (ачык фондо геометриялык жөнөкөй түркүн түстүү фигуралардын айкалышы) сүрөт­төрдү, 1920-жылдырдын 2-жарымында супрема­тикалык мейкиндиктик констр-ды жараткан. 1920-жылдарда постсупрематикалык живопис­тик иштери пайда болгон. 1912-15-ж-дагы эм­гектеринин стилине «акылдуу реализм», «кубо­футуристтик реализм» деген аныктама берген. 1915-жылы Петроградда өткөн көргөзмөдө М. «Жи­вопистеги супрематизм» деген жалпы аталыш менен 39 сүрөтүн («Ак фондогу кара квадрат», «Кара квадрат» ж. б.) койгон. М. В. Матюшин­дин «Күндө женүү» (1913) операсын жана В. В. Мая­ковскийдин «Мистерия-буфф» чыгармасынын постановкасын жасалгалаган. М-дин чыгармачылыгы 20-кылым искусствосуна зор таасир тийгизген.

Ад: Сарабъянов Д., Шатских А. К. Малевич. Жи­вопись. Теория. М., 1993; Малевич о себе. Современ-