МАКЕНЗИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАКЕНЗИ, Маккензи - Канаданын түндүк- батышындагы дарыя. Чоң Эрксиз көлүнөн башталып, Макензи ойдуңу аркылуу агат да, Түндүк Муз океандын Бофорт деңизине куят. Өзүнүн узундугу 1770 юмдей, Пис-Ривер менен (Финли д-нын башынан) 4250 км, алабынын аянты (Чоң Эрксиз көлүнүн алабына кирген Эрксиз, Пис-Ривер жана Атабаска д-нын системасы менен) 1804 миң км2. Ири куймалары: Лиард, Арктик-Ред-Ривер, Пил (сол), Чоң Аюулуу (оң). Жээги өтө саздак, карагай токою менен капталган. Кар, жамгыр сууларынан куралат. Жаз жана жай мезгилдеринде ташкындайт. Орт. чыгымы 14 миң м3/сек. Октябрдан июнга чейин тоңот. Кеме жолунун узундугу 2200 км. Боюнда Форт-Провиденс, Форт-Норман, Норман-Уэлс, Аклавик, Инувик калктуу пункттары жайгашкан. Дарыя, европ-тардын ичинен алгачкы жолу (1789) ал аркылуу сүзүп, Түндүк Муз океанга чыккан шотландиялык көпөс, саякатчы - А. Макензинин урматынан аталган.