МАЙ ӨСҮМДҮКТӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАЙ ӨСҮМДҮКТӨРҮ - данынан же мөмөсүнөн май алуу үчүн өстүрүлүүчү бир жана көп жылдык өсүмдүктөр. Май бул өсүмдүктөрдүн уругу менен мөмөсүндө топтолот. Алар: татаал гүлдүү өсүм­дүктөрдөн - күн карама, сафлор; чанактуулар­дан - май буурчак, жер жаңгак; эрин

гүлдүү­лөрдөн - перилла, ляллеманция; кайчы гүлдүү­лөрдөн - рапс, горчица, репейник, кычы; була­луу өсүмдүктөрдөн - гозо, зыгыр жана эфир; май­луу өсүмдүктөрдөн - кориандр, тмин, анис. Кээ бир дарак өсүмдүктөрдүн (пальма, какао, жаң­гак, бадам, бал карагай, өрүк, шабдалы ж. б.) данектеринен эң баалуу май алынат. Ар кан­дай өсүмдүктөрдө, мисалы, күн карамада - 29-57%, сояда 15- 26%, кычыда 20-45%, кене данда 48- 55%, зыгырда 35-52%, жер жаңгакта 41-57%, кунжутта 50-56% май болот. Майдын курамы жана сапаты климатка, жер кыртышына, өсүмдүк сортуна, агротехникалык ыкмаларга жараша болот. Май буурчактын майы дүйнөдө өндүрүлгөн өсүмдүк майынын 38% ин түзүп, биринчи орун­да турат. Экинчи орунду (17%) күн караманын майы ээлейт. Май буурчактын майынан боёочу заттар, жасалма жүн, пластмасса, желим ж. б. көптөгөн эл чарбасына керектүү заттар алы­нат. Кыргызстанда май алуу үчүн күн карама, саф­лор, кычы, рапс, кунжут, жер жаңгак ж. б. эгилет.

Ад.: Ибраимов Н. Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдынкы ыкма­лары. Б., 1994.

Э. Б. Капарова, Г. Ф. Эшимкулова.