МАЗМУН ЖАНА ФОРМА (философия): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЗМУН ЖАНА ФОРМА - диалектиканын өсүп-өнүгүү процессин түшүндүргөн категориялары. Мазмун (М.) - тигил же бул кубулушту, затты кураган элементтердин, процесстердин жыйындысы. Форма (Ф.) - М-дун жашоо ыгы, курулушу, түзүлүшү. Ар кандай кубулушка М. ж. Ф. таандык. М. Ф-луу, Ф. М-дуу болот, экөө ажырагыс, ошондуктан аларды бири биринен бөлүп кароого болбойт. Алардын өз ара байланышында М. чечүүчү мааниге ээ. Өнүгүү процессинде М-дун өзгөрүшү Ф-нын өзгөрүшүн шарттайт. Ошондой эле Ф. да М-га таасир берет. Ф. Мга шайкеш келген-келбегенине жараша анын өнүгүшүн, байышын ыкчамдатат же ага кедерги болот. М. менен Ф-нын өз ара мамилеси - диалектикалык карым-катнаштардын биримдигинин жана күрөшүнүн ачык-айкын мисалы. М. менен Ф-нын биримдиги утурумдук салыштырмалуу мүнөзгө ээ. Өнүгүү процессинде пайда болуп, жаңырган М. жаңырган Ф-ны талап кылат. М. менен Ф. ортосундагы шайкешчилик эски Ф-нын ордуна жаңы Ф-нын келиши менен гана ишке ашат. Бул - өнүгүүнүн диалектикалык теориясынын зарыл бөлүгү. М. менен Ф. категориялары тууралуу туура түшүнүк тез эле калыптана калган эмес. М. ж. Ф. жөнүндөгү түшүнүктү адегенде Аристотель иштеп чыккан. Бирок ал Платон сыяктуу эле идеалисттик түшүндүрмө берген менен Ф-сыз материя, материясыз Ф. болбойт деген тыянакка келген. М. ж. Ф-ны идеалистче түшүнүүнү ашкерелөө Ж. Брунодон башталып, аны Ф. Бэкон, Р. Декарт, Т. Гоббс уланткан. Гегель М. ж. Ф-ны метафизикче түшүнүүнү катуу сындап, диалектикалык түшүнүктөрдү (түшүндүрүүнү) негиздегени менен жалпысынан идеализмдин чегинен чыга алган эмес.
Кийинки илимий ачылыштар гана М. ж. Ф-нын бүткүл диалектикасын нукура илимий негизде айкындады.