МАЗКОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЗКОВ Евдоким Константинович (20. 6. 1922, Казакстан, Ак-Төбө обл., Мартук станциясы - 11. 7.

1977, Жалал-Абад) - учкуч, Советтер Союзунун Баатыры (1944). Советтик Армиянын катарына Жалал-Абад ш-нан чакырылган. 1942-жылы
Оренбургдагы Чкалов аскер авиация мектебин бүткөн. 1943- 44-ж. 237-штурмалоочу авиация полкунда звено командири. Түштүк-батыш жана 3- Украин фронтторунда болуп, Белгород, Донбасс, Запорожье, Никополь, Кривой Рогду бошотууга катышкан. 85 согуштук учуу жасап, душмандын 89 автомашинасын, 7 танкын, 26 замбирегин, 8 дзотун, 4 кампасын, 19 вагонун, 2 ротадай аскерин жок кылган. Запорожье аймагында Днепр д-ндагы т. ж. көпүрөсүн сүрөткө тартып алуу боюнча өтө татаал тапшырманы аткарган. 1944-жылы 28-октябрда Балтика боюндагы салгылашта оор жарадар болгон. Өмүрүнүн акырына чейин Жалал-Абад шаарында жашаган. Ленин, 2 Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. Жалал-Абад ш-ндагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган.