МАДЕМИЛОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү (Эркин) (20. 2. 1929- жылы туулган, Фрунзе) - бийчи, балетмейстер. Кыргыз ССРинин эл арт. (1979), Кыргыз ССРинин исквого эмг. сиң. ишмери (1963). 12 жашында Ленинград хореогр. окуу жайына кабыл алынып, согушка

байланыштуу окуусун М. Күрөңкөев атындагы музыкалык хореогр. окуу жайында уланткан. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынган. М. ОдеттаОдилия (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Зарема (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Анар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Анар»), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Флорида (К. Делиб, «Коппелия») ж. б. ролдорду аткарган. 1958-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театр институтун бүтүрүп, балетмейстер-репетитор. 1970-72-ж. Моңголияда балетмейстер, 1974- 76-ж. Вьетнамда балетмейстер-педагог, 1977-
87-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы бий ансамблинин («Акмарал») көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп иштеген. Кыргыз опера жана балет театрында 1958-жылы Кара Караевдин «Чагылгандын изи менен», 1962-жылдан Й. Штраустун «Чоң вальс», А. С. Аренскийдин «Египет түнү», П. И. Чайковскийдин «Франческа да Римини» балеттерин, Н. А. Римский-Корсаковдун «Испан каприччиосу» миниатюрасын койгон. «Акмарал» бий ансамбли менен Бельгия, Франция, Дания, Швеция, Мозамбикте жана КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон. «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

