МАДАЛЫ ХАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАДАЛЫ ХАН, Мухаммед Али хан, Мадалихан (1810-41) - Кокон ханы (1822-41). Омор хандын уулу, Нарбото бийдин небереси. Ал бийликке нааразы болгондорду дарга астыруу менен ички саясатын баштаган. М. х-дын тушунда Фергана өрөөнү, Памирдин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадакшан, Каратегин, Көлөп (Куляб), Жызак, Ташкент, Түштүк Казакстан (Түркстан ш-нан Илеге чейин), Кашкар ойдуңунун бир бөлүгү Кокон хандыгына карап, Түндүк Кыргызстанда Пишпек, Токмок (1825), Жумгал, Тогуз-Торо (1830) жана Куртка (1832) чептери курулган жана кыргыз бийлерине датка наамын берүү башталган (к. Ажыбек датка, Медет датка). Чыгыш Туркстанга жасаган бир нече жолку жортуулу ийгиликтүү аяктап, «гази» (дин үчүн согушкан адам) аталган. 1840-жылы М. х. Бухара эмири Насруллага каршы жасаган жортуулунда жеңилип калып, Кожент ш-нан айрылган. 1842-жылы Насрулла Коконду ээлеп, М. х-дын башын алып, Кокон хандыгын Бухарага кошулду деп жарыялаган. Бирок Нүзүп бий башында турган кокондук кыргыздар Коконду бошотуп, такка Шераалы ханды отургузушкан. Ушул мезгилде Нүзүпкө таянган Мусулманкул саясий күрөшкө аралаша баштаган.
Ад.: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; ошонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.