МАДАГАСКАР (арал): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАДАГАСКАР, Мадагаскар Респуб­л и к а с ы - Африканын түштүк-чыгыш жээгин­де, Инди океанындагы Мадагаскар а-нда жана ага жанаша жаткан майда аралдарда [Нуси-Бе,

Нуси-Бураха (Сент-Мери), Баррен ж. б.] жай­гашкан мамлекет. Аянты 587,3 миң кл2(аян­тынын чондугу боюнча дүйнөдө 4-орунда). Калкы 21,3 миллион (2010). Борбору - Антананариву. Администрациялык- айм. жактан 22 районго (фаритрга) бөлүнөт. Акча бирдиги - ариари.

М. - БУУнун (1960), Африка союзунун (1963; 2002-жылы чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФ­тин (1963), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соо­да уюмунун (1995) мүчөсү.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004)

Райондору (региондору)

Аянты, км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Диана

19266

485,8

Анциранана

Сава

25518

805,3

Самбава

Итаси

6993

643

Миаринариву

Аналаманга

19911

2811,5

Антананариву

Вакинанкаратра

16599

1589,8

Анцирабе

Бунгулава

16688

326,6

Цируанумандиди

Суфия

50100

940,8

Анцухихи

Буени

31046

543,2

Махадзанга

Бецибука

30025

236,5

Маэватанана

Мелаки

38852

175,5

Маинтирану

Алаутра-Ман­гуру

31948

877,7

Амбатундразака

Ацинанана

21934

1117,1

Туамасина

Аналанжируфу

21930

860,8

Фенуариву

Амурун’и Ма­ниа

16141

693,2

Амбуситра

Жогорку

Мациатра

21080

1128,9

Фианаранцуа

Ватувави-Фиту­винани

19605

1097,7

Манакара

Ациму-

Ацина­нана

18863

621,2

Фарафангана

Ихурумбе

26391

189,2

Ихуси

Менабе

46121

390,8

Мурундава

Ациму-Андре­фана

66236

1018,5

'Гулиара

Андрун

19317

476,6

Амбувумбе­Андруи

Ануси

25731

544,2

Таулантару

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - унитардык мам­лекет. Конституциясы 2010-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республи­ка. Мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Ал жогорку башкы командачы. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу парламент. Жогорку палатасы -

Сенат, төмөнкү палатасы - Улуттук Ассамблея. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган өкмөт ишке ашырат. 2007-жылдагы шайлоолордун жыйынтыгы менен Улуттук Ассам­блеяга 2 партия сунуш кылынган: «Тиако жана Мадагасикара» партиясы, Мадагаскарды калы­бына келтирүү үчүн экономикалык либерализм жана де­мокр. аракеттер партиясы.

Табияты.

М. а. Инди океанынын деңиздери менен чулганып, Түштүк Африканын чыгыш жээк тилкесинен орун алган. Чыгышы кум дөбөлүү, батыш жээгинде шуру (коралл) рифтери жатат. Аралдын борбордук жана чыгыш тарабында бийик

Антананариву шаарынын түштүгүндөгү айыл.

плато (1000-1500 м) жайгашкан. Ири ж. ара­лы - Масуала. Чыгыш жээгин бойлой дюна тилкеси созулса, деңиз жагын лагуналар ээлейт. Түндүк-батышы бийик жардуу келип, түндүгүндө аскалуу жээкке өтүп, булуң-буйткалуу, бир нече ыңгайлуу булуңдар бар. Чыгыш жана борбордук бөлүгүндө түндүктөн түштүктү көздөй бөксө тоо­лор (800-1000 лгден жогору) созулуп жатат. Алардын бети тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Айрымдарында Царатанана (бийиктиги 2876 м; Мененын эң бийик жери; Марумукутру чокусу), Андрингитра (бийиктиги 2666 м), Анкаратра (2642 м) ж. б. жанар тоо массивдери орун ал­ган. Массивдердин ортосунда тектоникалык ойдуңдар жатат. Алардын кээсин көл ээлесе (алсак, Ала­утра), калгандары аккумуляциялык түздүктөр­дөн турат. Көптөгөн өчкөн жанартоолор кезде­шет. Чыгышында бөксө тоолор созулуп жатат. Климаты түндүгүндө - субэкватордук, чыгы­шында - муссондук тропиктик, түштүгүндө тро­пиктик, чыгыш жээгинде ысык жана нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1200-1500 мм), баты­шында ысык жана кургак (400-500 мм). Январ­дын орт. температурасы 27,6°С, июлдуку 21°С. Ири дарыялары: Суфиа, Бецибука, Махавави, Ман­гуки-ж. б. Эң чоң көлү - Алаотра. Күрсүз кы­зыл ферралиттүү тоо топурагы (бийик платодо) жана күрдүү кара топурак мүнөздүү. Топурак эрозиясы бардык жерде кездешет. Аймагынын

1/5ин токой ээлейт. Бийик платодо дайыма жа­шыл нымдуу субэкватордук токойлор (жыгач­тын эндемик түрлөрү - канариум, дальбергия, диоспирос) кездешет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө (1000-1500 м бийиктикте) экинчи пайда болгон саванналар (жапыз өскөн бамбук, акация, эв­калипт, мадагаскар равеналасы, алоэ ж. б.), аралдын батышында, түштүк-батышында жана түш­түгүндө жалбырагы күбүлмө токойлор өсөт. М. биол. ар түрдүүлүк боюнча дүйнөдө алдынкы орун­дардын бирин ээлейт. Флорасында өсүмдүктөр­дүн 9500 (анын 162си жоголуп кетүү алдында), фаунасында сүт эмүүчүлөрдүн 140 (анын 'Ди жоголуу алдында), уялоочу куштардын 170 (27), сойлоочулардын 380 түрү (хамелеон, кескелди­риктер, игуана, муунткуч жылан, крокодил) кез­дешет. Аралда мурда кездешчү алп таш бака­лар (12ден ашык түрү), ири лемурлар жана эпиор­нис (дөө куш) толугу менен тукум курут болгон. Буга антропогендик фактор (токойдун кыйылып жок болушу) жана өрт таасирин тийгизип келүүдө. Кен байлыктары: хромит, графит, сапфир, ру­бин, жез, боксит, уран, алтын ж. б. Өлкөнүн аймагынын 3,1% и коргоого алынган. Коруктар (Царатана, Захамена, Андухахелу, Андрингит­ра) жана улуттук парктар (Исалу, Амбухитра) бар. Ацинанана тропик токою (Мененын баты­шындагы коргоого алынган 6 аймак бирикти­рилген) жана Цинги-дю-Бемараха аки таштуу аймагы Вуткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Калкы.

Элинин көпчүлүгүн малагасилер (96,1%) түзөт. Ошондой эле банту тилинде сүйлөгөндөр (1,1%), француздар, креол-реюньондуктар, гу-

Амбалавао шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири.

жараттар, кытайлар, йемен-арабдары, комор­луктар жана малайялар да бар. 'Расмий тилде­ри - малагасй, француз жана англис тилдери. Кал­кынын 46% и жергиликтүү динди, 48%и христиан, 6%и мусулман динин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 32,5 киши (2009). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 60,9 жаш, аялдары­ныкы - 64,9. Төрөлүүнүн деңгээли өтө жогору

(1000 кишиге 35,3), өлүм-житим орт. ЮООге 8,9 (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, ЮООге 54,2). Шаар калкы 29% (2010). Ири шаарлары: Анта­нанариву, Туамасина, Анцирабе ж. б.

Тарыхы.

14-15-к-да аралдын борбордук бөлүгүндө Имерина, 16-17-к-да батышында сакалавдардын Буйна жана Менабе мамлекеттери түзүлгөн. 17- 18-к-да бецилеу, бецимисарака, антаймуру эл­деринин мамлекеттери болуп, 19-к-да Малага­си королдугуна бириккен. 19-к-дын башынан арал Улуу Британия менен Франциянын талашына түшүп, 1894-95-ж. Франциянын протектораты­на, 1896-жылы колониясына айланган. Көз каран­дысыздык үчүн М. эли жүргүзгөн күрөш экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бөтөнчө күчөп, М. 1958-жылы 14-октябрда Франция коомдоштугу­нун курамындагы республика, 1960-жылы 26-июн­да көз каранды эмес Малагаси Респ. (1973-жылы чейин Франция коомдоштугунун курамында) деп жарыяланган. М. социал-демокр. партиясынын (СДП) лидери Ф. Циранана президенттикке жана Министрлер советинин төрагалыгына шайлан­ган. 1959-жылы 29-апрелде конституциясы кабыл алынган. 1960-жылы апрелде Ф. Циранана Фран­ция менен кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгон. Бирок Франция аралдагы согуш база­ларын, аскерлерин сактап калып, жогорку би­лим берүү системасын толук көзөмөлдөгөн. «Би­ринчи республиканын» мезгилинде (1960-72) М-дын экономикасы өтө жай темп менен өнүккөн. 1972-жылы экономикалык, социалдык-саясий кризис жана массалык демонстрациялар, иш таштоолор Ф. Циранананы бийликтен кетүүгө мажбур кыл­ган. Бийлик генерал Г. Рамананцуа башкарган аскерлерге өткөн. Г. Рамананцуанын өкмөтү Франция менен кызматташуу жөнүндөгү келишимдер­ди бузуп, аралдагы согуш базаларын жоюу, Француз аскерлерин аралдан чыгарып кетүү туу­ралуу Франция менен жаңы келишим (1973, июнь) түзгөн. Г. Рамананцуа жогорку билим берүү сис­темасын көзөмөлдөөнү өз колуна алып, чет эл­дик капиталдын ишин чектеп, «франка зона­сынан» чыккан. 1975-жылы февралда өлкөдөгү бий­лик Аскердик директориянын улуттук комитетине өтүп, мамлекет башчылыгына Д. Рацираку шайланган. Жаңы конституция боюнча өлкө Ма­дагаскар Демокр. Республикасы деп аталып, Малагаси социалисттик революциясынын хартиясы - социал­дык-экономикалык кайра түзүүлөрдүн узак мөөнөттүү про­граммасы иштелип чыккан. Хартияда а. ч-н коо­перативдештирүү, тышкы сооданы мамлекеттик моно­полияга киргизүү, камсыздандыруу компания­ларын, банктарды, негизги өндүрүш каражат­тарын улутташтыруу каралып, анын шарттары практика жүзүндө ишке ашырылган. 1986-жылы өл­көдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен 1991-жылы Рацирака бийликтен кеткен. 2009-жылы оппози­ция лидери А. Радзуэлина бийликке келип, өл­көдөгү ички саясий абалды турукташтырууга,

Малагаси Республикасынын көз каранды эместигин жарыялоо салтанаты. 1960.

демокр. шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу ж. б. убада берген. 2009-жылы Радзуэлина жана өл­көнүн мурдагы президенттери жолугуп, респуб­ликаны ички саясий кризистен чыгаруунун принциптери жөнүндө келишимге кол коюшкан. 2010-жылы М. жаңы конституциясы кабыл алын­ган.

Экономикасы. М. —

экономикасы анча өнүк­пөгөн агрардык мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 20,73 миллиард АКШ долларын (2010) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 дол­лардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 56,8, ө. ж-дыкы 16,7, а. ч-ныкы 26,5. 2007-жылы 935 миллион кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 70% и ГЭСке тууракелет. Гра­фит, хромит, флогопит слюдасы, танталит, мо­нацит, зергерлик кооз таштар казылып алынат. Нефть ажыратуучу (Туамасинада, жылына 540 миң тчийки нефть), а. ч. сырьёсун кайра иш­тетүүчү, кеме куруу жана оңдоо, текстиль, куру­луш материалдары, тамак-аш (кант, ун, паль­ма, соя майы, алкоголсуз суусундуктар), ө. ж. ишканалары иштейт. Пиво жана самын кайна­туу өнүккөн. Өлкөнүн аймагынын 5%и иште­тилет. Сыртка кофе, бал камыш, жер жангак, ваниль, чеге гүл ж. б. чыгарылат. Негизги азык­тары - күрүч, маниок, картөшкө, жүгөрү, жа-

Шалы эгүү.

шылча-жемиш, банан, манго ж. б. Зебу, бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармоо өнүккөн. Деңиз про­дуктулары даярдалат. Автомобиль жолунун узундугу 65,7 миң км (2003; анын ичинде асфальтталганы 7,6), т. ж-нуку 0,854 (2008). Ири порттору: Туамаси­на, Анцеранана, Манандзари ж. б. Иватуда эл аралык аэропорту бар. Негизги соода шериктеш­тери: АКШ, Франция, Германия, Кытай, Ита­лия, Тайланд, Бахрейн ж. б.

Мадагаскар акчасы - ариари.

Маданияты.

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуу­лугу 62,3% (2007). Ири илимий мекемелер, университеттер, китепкана, музейлер Антананариву шаарында жай­гашкан, анын ичинде Малагасий ИА (1902), Улуттук архив (1958), Улуттук китепкана (1961), Нуси­Беде Океанография боюнча улуттук изилдөө бор­бору жана Деңиз музейи (1970), Туамасина шаарында Аймактык музейи (1991) ж. б. бар. Малагаси жана француз тилдеринде «Maki-Madagasikara», «Intsingo Vaovao», «D’Ехргевзе 4е Мас1а£азкаг», «Майадазкаг ТпЪипе», малагаси тилинде «О-а­геНко», «Магезака» ж. б. гезит-журналдары чы­гат. Радиоуктуруусу 1931-жылдан, телекөр­сөтүүсү 1967-жылдан, Улуттук маалымат аген­ттиги 1977-жылдан иштейт.

1915-22-ж. өлкөдө цензура күч алып, көп жа­зуучулар сүргүнгө айдалып, күндөлүк басма сөзгө катуу тыюу салынган. 1922-жылдан малагаси адабиятында жаңы доор башталып, 1920-40-жылда­ры драматургия жанры гүлдөп өнүгөт. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башында Налисуа Равалитера («Өчүп бараткан чок», 1980; «Акылдан тайган сүйүү», 2001; «Зетра», 2005), М. Андриамасину­ру («Курчтук», 1992), Раву («Акыркы ырлар», 1999), Р. X. А. Нари, Нуфи, Э. Радзаунарисон, Рахадза, Хубиана ж. б. көрүнүктуү акындар чык­кан. Белгилүү романист И. П. Андриамангатиана «Өмүр жолдору» (1995), «Алданган үмүттөр» (2001) романдарын жараткан. 1920-30-жылда­ры М-дын адабияты француз тилинде да өнүккөн. Белгилүү акындары: Рабеаривелу («Сильфалар», 1927; «Жарым түштөр», 1934; «Түнкү тыңшоо»,

1935), Ф. Ранайву («Көлөкө жанашамал», 1947; «Күндөлүк ырлар», 1955; «Журтуна кайтып келүү», 1963), Ж. Ф. Рабеманандзара («Күүгүм кечтин тепкичтеринде», 1940; «Кудайлардын тою», 1962; «Кудайсоту», 1973).

19-к-дын аягы - 20-к-дын башында шаарлар­да, ак сарайлар, протестанттык жана католиктик чиркөөлөр, күмбөздөр европалык үлгүдө тургу­зулган.

Анцирабедеги Ыйык эне собору. 20-к-дын башы.

Мененын музыкасына араб-мусулман маданияты (10-11-к-дан баштап) олуттуу таасир тийгизген. 20-к-дын башында композитордук мектеп ачыл­ган. Анын өкүлдөрү: Ж. Д. Рабеманатара, Б. Ра­баридзауна. Мененын ыр жана бий улуттук ансам­бли иштейт (биринчи жетекчиси - П. Ралаиа­риманана), 1979-жылы СССРде гастролдо болгон.

Малагаси театрында салттык ыр жана бий фольклору өнүккөн. 1907-жылы Франко-мальгаш театр коому негизделген. 1960-жылдан кийин улуттук кинематография өнүгө баштаган. 2000- жылдардан эл аралык кинофестивалдар өткө­рүлүп турат.

Ад.: Acquier J.-L. Architectures de Madagascar. P., 1998; Мадагаскар: справочник. [2-е изд.]. М., 2005; Клименко В., Сидорова С. Заметки о кино на Мада­гаскаре // В таинственной стране Мадагаскар. Год 2007. М., 2009; Мадагаскар//Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.