МАГНОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГНОН - магниттик иреттүү чөйрөдөгү спиндердин бурулуш толкунуна туура келуүчү квазибөлүкчө (к. Спин толкундары). М. заттын жылуулук, жогорку жыштыктуу талаа ж. б. касиеттеринде байкалат. Температурасы Т=0К чөйрөдө М. болбойт, температуранын жогорулашы менен М-дун саны өсөт. М. санынын өсүшү магнит иреттүүлүгүнүн азайышына алып келет. Темпранын жогорулашы менен М. саны өскөндүктөн, ферромагнетиктердин магниттелиши азаят. Нейтрондордун жана жарыктын чачырашы М-дун пайда болушу менен коштолот. Узун толкундуу М-ду өтө жогорку жыштыктагы талаа аркылуу дүүлүктүрүүгө болот. Нейтрондордун серпилгичтүү эмес чачырашы М-дун дисперсия законун экспериментте аныктоонун өтө маанилүү ыкмаларынын бири болуп эсептелет.