МАГНИТТИК ЖАНТАЙЫШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГНИТТИК ЖАНТАЙЫШ - жер бетинде белгиленген чекитте магнит меридианы менен географиялык меридиандын ортосунда пайда болгон бурч (компастын магнит жебесинин географиялык меридиандан жантайышы). Мында магнит жебесинин түндүк учу географиялык меридиандан чыгышка жантайса - оң (чыгыш), батышка жантайса - терс (батыш) М. ж. деп эсептөө кабыл алынган. Жантаюу бурчтары картада изосызыктар менен берилет. Бурчу нөлгө барабар болгон сызык агония сызыгы деп аталат. М. ж. компас менен багыт аныктоодо зор мааниге ээ.