МАГМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАГМА (грекче та^ша - коюу май) - Жердин терең бөлүгүндө пайда болуп, балкып турган ысык масса; ар кандай химиялык элементтерден турган та­таал эринди. Курамы негизинен силикаттан туруп, анда суу буулары, күкүрттүү суутек, ме­тан сыяктуу газдар, фосфор, хлор, фтор ж. б-да кездешет. Кээде силикатсыз жегич-карбонаттуу же сульфиддүү түрлөрү кездешет (мисалы, Чыгыш Африкадагы жанар тоолор). Жер кыртышын жиреп чыгып, сууганда М. тектери пайда бо­лот. Эгерде жер бетине көтөрүлүп чыкса, лава

Гранит магмасы жайгашкан жер кыртышынын схе­малык кесилиши (А. Е. Ферсман боюнча).

түрүндө агат, жанартоо өзөктөрүндө экструзия­ларды пайда кылат же майда бөлүкчөлөр тү­рүндө газ менен бирге жер бетине атылып чыгып, туфтарды түзүүгө катышат. М.' жер бетине жет­пей тереңде сууса түрдүү формадагы жана өл­чөмдөгү интрузияларга айланат. М. жалпысы­нан негиздүү (базальт) жана к ы ч к ы л­Д У У (гранит) болуп бөлүнөт. Базальттын кура­мында 40-55% 8Ю2, магний, темир, кальций

кездешет. Гранитте 8Ю2 65-78% ке жетет. Же­гич металлдар көп санда жолугат. Физикалык касиет­тери курамына көз каранды. Температурасы 900- 1200°С. Ар кандай тереңдикте, түрдүү геол. мез­гилдерде пайда болгондуктан, орун алуу тарти­би, формасы да түрдүүчө. М. жер түпкүрүнүн кай­сы бир бөлүгүндө тектоникалык кыймылдардын тий­гизген таасиринен, радиоактивдүү элементтер­дин ажырап бөлүнүшүнөн, ар кандай химиялык реак­циялардан, тереңдикте температуранын көтөрүлүшү­нөн, басымдын төмөндөшүнөн, физикалык-химиялык тең салмактуулуктун өзгөрүшүнөн, заттардын эри­ши менен суюлушунан пайда болот. Курамында­гы суу буулары, газдар магманы кыймылга кел­тирип, ал тереңдиктеги боштуктарды, терең жа­ракаларды толтурат. Акырындык менен сууп, муздап, катуу түргө өтөт. Буга чейин бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болуп, дифференциация процесси жүрөт. Суюк абалда оор элементтер чөгүп, жеңилдери жогору көтөрүлөт. Сууганда түрдүү курамдагы кристаллдуу массага айланат. Үстүнкү бөлүгүндө жегич металлдар менен крем­нийден турган кычкыл тектер, асты жагында кальций, магний, темир элементтерине бай не­гиздүү тектер кристаллдашат. Мененын крис­таллдашуу мезгилинде хромит, платина, титан, никель, апатит ж. б. кендер пайда болот. Воль­фрам, калай, молибден, сейрек жана чачыранды кендер гранит интрузиясы менен, ал эми халько­филдик элементтер базальт, хром, алмаз ульт­ранегиздүү магма менен байланышкан. М. тоо тек­тери (гранит, диорит, сиенит, базальт, туф ж. б.) эң негизги курулуш материалы болуп эсептелет.

■Ад.: Магматические горные породы. М., 1983-1984. Т. 1-2; Шкодзинский В. С. Фазовая эволюция магм и петрогенезис. М., 1985.