МАГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАГИЯ (латынча ша£1а - сыйкыр), с ы й к ы р ч ы­лык, көз боёочулук, көз байлоо­ч у л у к - адамдын (көз боочу, маг) адамдарга жана жаратылыш кубулуштарына таасир этүүчү табияттан тышкары жөндөмдүүлүгүнө ишенүүгө байланышкан ырым-жырымдар. М. адамдар­дын алгачкы коомунда келип чыккан жана бар­дык эле диндердин ырым-жырымдарынын эле­менти болуп калган. М-лык каада-салттар дүйнө элдеринде көп түрдүү. Үрөн себүүгө, эгин жый­ноого, аң уулоого ж. б. байланышкан М-лар кеңири тараган. Кыргыздардын тумар тагынга­ны, жамгырды, шамалды чакырып алууга ише­нип, жер-суу таюусу ж. б. М-лык жөрөлгөлөргө жатат. М-га ишенүү дүйнө элдеринде азыр да кезигет.