МАГЕЛЛАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГЕЛЛАН, Магальяйнш Фернан [(португалча Ма^аИшагез, испанча Ма^аПапез), болжолдуу 1480-жылы чен, Португалия Траз-уж-Монтиш обл., Саброза - 27. 4. 1521, Филиппин, Мантан а.] - португалиялык деңиз саякатчысы. Анын

экспедициясы Жер шарын биринчилерден болуп айланып чыккан. Малакка ж. а-на 2 жолу (1509, 1511) жеткен. Испаниялык экспедицияны 1519-21-ж. жетектеген. Экспедициянын
жүрүшүндө М. алгачкылардан болуп Түштүк Американы Оттуу Жер архипелагы менен материктин ортосундагы кысык аркылуу (Магеллан кысыгы) айланып, Тынч океанды кесип өтүп, Филиппин а-на жеткен. Ал жерде жергиликтүү калк менен кагылышууда курман болгон. 1522-жылы М-дын экспедициясынан калган бир кеме (X. С. Элькано башкарган «Виктория» кемеси) Африканын
түштугүн айланып өтүп, Испанияга кайткан. Бул саякатта Жердин шар формасында экендиги жана бирдиктүү Дүйнөлүк океандын бар экендиги биротоло далилденген.
Ад.: Цвейг С. Подвиг Магеллана. 4-е изд. М., 1980; Ла П. В. Подобно солнцу...: Жизнь Ф. Магеллана и первое кругосветное путешествие. М., 1988.