МАВЛЯНОВ Асан: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАВЛЯНОВ Абдырахман Субанкулович [13. 9.

1947-жылы туулган, Ош, (азыркы Жалал-Абад обл., Жаңы-Жол (Аксы) р-ну), Кош-Дөбө айылы] - техника илимдеринин доктору (2003), проф. (1992), КР УИАнын корр. мүчөсү (2010), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (1993), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (1997), Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) инженердик-курулуш институтун (1971), ошондой эле жерде аспирантураны (1975) бүтүргөн. Жаңы-Жол р-ндук № 12 жол эксплуатациялоо башкармалыгында инженер (1965-66), ФПИде окутуучу (1971-75), улук окутуучу, доцент (1979-81), кафедра башчысы (1981-90), ФПИнин Оштогу филиалында директор (1990-91), Ош жогорку технол. коллежинде проректор (1991-93), ЖАМУну
уюштуруу комиссиясынын төрагасы (1993-94), КМУда декандын орун басары (1994-95), 1995-жылдан Бишкек финансы экономикалык академиясынын ректору. ЮОдөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография жана 2 ойлоп табуусу жарык көргөн. «Даңк» медалы менен сыйланган.
Эмг.: Крупноформатная керамика. Ф., 1991; «The impact of a Microbiological Processing on the Structure of Clayey loamy soil», The American Ceramic Society's. Indiana, 2001.
