ЛЯПУНОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛЯПУНОВ Александр Михайлович [25. 5(6.6), 1857, Ярославль - 3. 11. 1918, Одесса] - орус математиги жана механиги, Петербург ИАнын академиги (1901; корр. мүчөсү, 1900). 1880-жылы Петербург университетин бүтүргөн. Харьков университетинде доцент, 1892-жылдан проф. 1902-жылдан Петербург ИАда иштеген. Л. параметрдин чектүү саны менен аныкталган механикалык системанын кыймылын жана тең салмактуулук туруктуулугунун азыркы теориясын түзгөн; туруктуулук жөнүндөгү маселени чыгаруу үчүн жалпы методду иштеп чыккан. Анын эмгектери кадимки дифференциалдык теңдемелер теориясы, математикалык физика жана математикалык анализ боюнча жазган эмгектери да чоң мааниге ээ.
Эмг.: Собр.: В 5 т. М.; 1934-1965.
Ад.: Шибанов А. Л. М. Ляпунов. М., 1985; Цыкало А. Л. А. М. Ляпунов. М. 1988.