ЛЮТЕСЦЕНС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛЮТЕСЦЕНС (ЬиЬезсепз) - жумшак буудай түрү. Европа менен Түндүк Америкада, КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Л. 46 сорту Кыргызстан дыйканчылык ИИИде татаал гибриддештирүү жолу менен алынган. Машагы (8-10 см) кылкансыз, дандуу, даны кызыл, 1000 данынын салмагы 40,6-45,4 г. Сабагы катуу, жапырылбайт (бийиктиги 90-100 см), жалбырагы ичке. Вегетация мезгили 276 күн, эрте бышат. Унунан даамдуу нан бышырылат. Л. -800 сорту Кыргызстан дыйканчылык ИИИде түр аралык гибриддештирүү (буудайдын кылкансыз 1 сорту менен буудай-буудайыкты) жолу менен алынган. Машагы кылкансыз, ак (узундугу 10-13 см). 1000
данынын салмагы 36-40 г, күбүлбөйт. Сабагынын узундугу 130-150 см, жоон, катуу, жапырылбайт. Жалбырагы ичке, узун. Вегетация мезгили 279- 283 күн, кеч бышат. Андан көк тоют, ошондой эле сенаж, силос ж. б. даярдалат. Эки сорту тең дат, кара көсөө, чаңгыл кебер илдеттерине туруктуу.