ЛЮКСЕМБУРГ (шаар): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛЮКСЕМБУРГ - Люксембург Улуу герцогдугунун борбору. Альзет (Сюр д-нын куймасы) жана Петрюс д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 334 м бийикте жайгашкан. Калкы 75,2 миң (2010; Чоң Люксембургда 120 миң). Трансевропа жолундагы ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Металлургия, машина куруу, химиялык, тамак-аш-татымал, тигүү ө. ж. ишканалары иштейт. Эл аралык финансы борбору. Европадагы эң ири маданий очок. Эл аралык университет, Улуу герцог институту, консерватория, улуттук китепкана, натуралисттер коому, улуттук музей, театр, медицина коллежи, искусство жана кол өнөрчүлүк мектеби бар. Алгач 963-ж. ченде сепил катары эскерилет. 1244-жылдан шаар. Л. 1505-1684-жылы жана 1697- 1714-жылы Испанияга тиешелүү болсо, 1684-97-ж. жана 1794-1815-жылы Франциянын ээлик аймагынын курамына кирген. 1714-94-ж. Австриянын эзүүсү астында болгон. 1815-жылы Вена келишиминин чечими менен Люксембург Улуу Герцогдугу түзүлүп, ошол мезгилден анын борбору. Улуу герцогдун резиденциясы, Сен-Кирен капелласы (6- жана 15-к.), готика стилиндеги Сен-Мишель чиркөөсү (16-к.), ренессанс стилиндеги юстиция ак сарайы (16-к.), барокко стилиндеги Нотр-Дам
собору (17-к.) сакталган. Ар кандай фестивалдар, карнавалдар, шарап майрамы жана эрте жазда ачылган гүлдөрдүн көргөзмөсү (апрелде) өткөрүлүп турат.
