ЛУСОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

ЛУСОН - Филиппин архипелагынын эң чоң аралы. Аянты 105,6 миң кмг. Жээктери баты­шында жана түштүгүндө булуң-буйткалуу. Релье­фине тоолордун, тоо аралык жана жээк түздүктө­рүнүн татаал айкалышы мүнөздүү. Бийиктиги 2934 лгге жеткен (Пулог чокусу) тоолор басымдуу. Ара­кеттеги жанартоолору (Майон ж. б.) бар. Клима­ты субэкватордук муссондук; тез-тез тайфун бо­луп турат. Айлык орт. температурасы түндүгүндөгү түздүктөрдө 23-25°С, туштүгүндө 27-29°С. Жыл­дык жаан-чачындын өлчөмү 2000-3000 мм. Дайы­ма жашыл жана жалбырагы күбүлмө тропик то­кою, өрөөндөрүндө саванна өсүмдүктөрү өсөт. Жээк ойдундарында жана тоо аралык өрөөндө­рүндө эл жыш отурукташкан. Шалы, кокос пальмасы, тамеки, жүгөрү, абака өстүрүлөт. Алтын, хромит, жез жана темир кенташтары бар. Л-до Филиппиндин борбору - Манила ш. орун алган.