ЛУСАКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

ЛУСАКА - Замбия Респ-нын борбору (1964-жыл­дан). Лусака провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 1,5 миллион (2010). Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. бекети катары 1905-жылы негизделген. 1935- 64-ж. Британия протектораты Түндүк Родезиянын (учурда Замбия) администрациялык борбору болгон. Тамак-аш, тигүү, химиялык, автомобиль кураштыруу ө. ж. иш­каналары иштейт. Кол өнөрчүлүк (карапа, жы­гач, жез буюмдары) өнүккөн. Л. - Замбиянын маданий борбору. Университет, коллеждер, китепкана­лар, музейлер, театр, галерея жана Замбиянын табиятын жана жапайы жаныбарларын коргоо

улуттук кеңеши, Ыйык Распятие англикан со­бору бар. Зоопарк жана ботаникалык бак уюшту­рулган.

Шаардын борбору­нун көрүнүшү.