ЛУМУМБА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛУМУМБА Патрис Эмери (2. 7. 1925, Касан провинциясы, Оналуа - 17. 1. 1961, Катанга провинциясы) - конголук саясий жана коомдук ишмер. Конго Респ-нын улуттук баатыры (1966). Л. акын катары да белгилүү. Католик миссионерлер мектебин, Антверпен университетинин юридикалык факультетин бүткөн. 1950-жылдан саясатка катыша баштаган. Көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Конго улуттук

кыймылы партиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси (1958). Бельгиялык Конгого көз карандысыздык берүүнү чечкен
Брюсселдеги (1960, янв,- февр.) «Тегерек стол» конференциясына катышкан. 1960-жылы июндан Конго Демокр. Респ-нын 1-премьер-министри болуп иштеген. Нечен ирет куугунтукка алынган. 1960-жылы сентябрда Конго кризисинин жүрүшүндө камакка алынып, Катангада (азыркы Шааба) мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 2002-жылы акталып, өкмөт Л-нын өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнөн жана конго элинен расмий түрдө кечирим сураган. 1961-92-ж. Москвадагы Эл достугу университети Л-нын ысымы менен аталган.