ЛОСОСЬ СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОСОСЬ СЫМАЛДАР (8а1тош£огтез) - кылкандуу балыктар түркүмү. Бор мезгилинен белгилүү. Дене узундугу 2,5 слгден 1,5 л«ге жетет. Өзөк скелети, баш сөөгү сөөккө толук айланган эмес. Үстүнкү жаагы жаак алдындагы жана үстүнкү жаак сөөктөрүнөн турат. Сүзгүчтөрүндө тикени жок. Курсак сүзгүчү 7-15 тарамдуу, жон сүзгүчү бирөө, анын артында көбүнүн май сүзгүчү бар. Түрпүсү циклоиддүү (тегерегирээк). Каптал сызыктары жакшы өөрчүгөн. 27 тукуму (лосостор, май канаттар, чортон балыктар, жылма баш балыктар ж. б.) белгилүү. Алар тузсуз сууда, деңиз жээгине жакын, теренде жашоочу жана өтмө
балыктар. Түндүк жана Түштүк жарым шардын муздак, мелүүн жана тропик сууларында кездешет. Промыселдик мааниси чоң.
