ЛОРЕНЦ КАЙРА ТҮЗҮҮСҮ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОРЕНЦ КАЙРА ТҮЗҮҮСҮ - Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясынын постулаттарынын негизинде алынган эки галилей (инерциялуу) координата системаларын өз ара байланыштыруучу координаталык өзгөртүү. Л. к. т. физикалык жактан бири-бирине карата V ылдамдык менен кыймылдаган эсептөөнү баштоонун инерциялуу системасындагы 4 өлчөмдүү мейкиндиктин координаталарынын өзгөрүш законун, ал эми матем. жактан псевдоевклидцик метрикалуу тегиздикти у бурчуна гиперболалык бурууну мүнөздөйт. Л. к. т. ньютондук абсолюттук убакыт жок экендигин жана убакыт менен мейкиндик салыштырмалуу касиетке ээ экендигин далилдейт. Л. к. т-нүн негизинде нерсенин узундугу жана убакыт абсолюттук эмес жана ар башка инерциялуу системада ар башка мааниге ээ экендигин далилдейт. Л. к. т. боюнча жаратылыштагы бардык физикалык закондор инварианттуу.