ЛОКАРНО КЕЛИШИМДЕРИ (1925): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОКАРНО КЕЛИШИМДЕРИ (1925) - Германиянын батыш чек араларына кепилдик берүү жана эл аралык арбитраж маселесин чечүү үчүн түзүлгөн келишимдер. 1925-жылы 16-октябрдагы Локарно конференциясында (1925) макулдашылып, 1-декабрда Лондондо кол коюлган. Л. к. негизинен Рейн пактысы - Германия, Бельгия, Франция, Италия жана Улуу Британия ортосундагы жалпы кепилдикти сактоо болгон. Бул пактыга жамынган Улуу Британия жана Франция Германиянын катышуусу менен антисов. блок түзуүгө ниеттенген. Бирок Германиянын чыгыш чек аралары Локарнодо иштелип чыккан кепилдикке кирген эмес. Пактыда Германиянын, Франциянын жана Бельгиянын бири бирине кол салбай, талаш маселе болсо тынч жол менен жөнгө салуу, ошондой эле Версалъ тынчтык келишими (1919) белгилеген Германия менен Франциянын жана Германия менен Бельгиянын чек араларынын бузулбастыгы көрсөтүлгөн. Германия Улуттар Лигасына мүчө болуп (1926, сентябрь), улуу держава катары анын кеңешинен туруктуу орун алгандан кийин келишим күчүнө кирген. Германиянын Франция, Бельгия, Польша, Чехословакия менен өз өзүнчө түзгөн арбитраж жөнүндөгү келишимдери Рейн пактысын толуктаган. Мындан сырткары Франция менен Полыпа жана Франция менен Чехословакиянын ортосунда кепилдүү келишимдер түзүлгөн, ал боюнча бул 2 мамлекетке башка мамлекет кол салса, анда аларга Франциянын жардам берүүсү каралган. Л. к-нин кабыл алынышы Франциянын абалы начар экендигин көрсөткөн, ошондуктан фашисттик Германия Л. к-н орой бузуп, 1936-жылы 7-мартта демилитарлаштырылган Рейн зонасына өз аскерин киргизген.