ЛОБАЧЁВСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска

ЛОБАЧЁВСКИЙ Николай Иванович (20. 11(1. 12). 1792, Нижний Новгород - 12(24). 2. 1856, Казан) - орус математиги, евклиддик эмес гео­метрияны түзүүчү, ойчул-материалист. Ал гим­назияда (1802- 07), Казан университетин­де (1807-11) оку­ган, ошол эле жер­де магистр (1811), адъюнкт (1814), экстраординар проф. (1816), орди­нар проф. (1822), физика-математи­ка факультетинде декан (1820-22, 1823- 25), ректор (1827- 46) болуп иштеген. Л. сандар теория­сы, элементардык математика, сфералык тригонометрия, диффе­ренциалдык геометрия, физика, механика жана астрономия боюнча лекция окуган. «Казан универ­ситетинин илимий эмгектери» журналын не­гиздеген (1834). 1829-жылы «Геометриянын баш­талышы жөнүндө» деген эмгегин жарыялаган. Л. Евклиддин 5-постулатын далилдөөгө аракет­тенип, анын негизинде «Элестетүүчү геометрия» деген жаңы геометрияны түзгөн. Ал геометрия­га гана эмес, математиканын башка тармакта­рына да салым кошкон. Алгебра, математикалык ана­лиз, ыктымалдык теориясы, механика, физи­ка, астрономия боюнча илимий эмгектери бар. Ал акыр­кы илимий эмгеги - «Пангеометрияны» өзү айтып берип жаздырган. Л-дин геометрйясы өзүнүн ти­рүү кезинде кабыл алынбай, 19-к-дын 2-жары­мынан тааныла баштаган. Л-дин урматына эл аралык сыйлык дайындалып, алтын медаль чы­гарылган. Горькийдеги мамлекеттик университетке Л-дин ысмы берилген.

Эмг.: Полн. собр. соч.: В 5 т. М., 1946-51.

Ад.: Айылчиев А. Класстан тышкары окуу үчүн геометрия. Ф., 1979; Лаптев Б.А. Н. И. Лобачевский. Казань. 2001.