ЛИЧИНКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛИЧИНКА - көпчүлүк омурткасыз жана айрым омурткалуу жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочулар) жеке өөрчүү стадиясы. Алардын жумурткасында морфогенездин аягына чейин жетүүгө азык заттар жетишсиз болот. Л. өз алдынча тиричилик өткөрүп, активдүү азыктанат, мезгили менен өсүп, өөрчүшүнө тоскоол болуучу катуу кутикула кабынан бошонуп (түлөп) турат. Л-да жетилген организмде болбогон атайын органдары болот. Көпчүлүк жаныбарларда Л. стадиясы жана жетилген организми ар кандай шартта жашайт. Жерде-сууда жашоочулар-. дын Л-сы - көнөк баш - сууда, чоңдору кургактыкта жашоого ыңгайланган. Деңизде өтө жай жылуучу же жылбай жашоочу жаныбарлардын (былпылдак, ичеги көңдөйлүүлөр, ийне терүүчүлөр ж. б.) Л-сы эркин сүзүп жүрөт, ошондой эле алардын башка жерге таралышын да камсыз кылатынча Л-нын жетилген жаныбарга айланышы метоморфоз жолу менен жүрөт. Метоморфоз учурунда айрым омурткасыздардын (ийне терилүүлөр, курт-кумурскалар) Л-сы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болот. Мисалы, айрым курт-кумурскаларда Л-дан кийинки куурчакча стадиясында Л-лык органдар бүт жоюлуп, жетилген организмдин органдары калыптанат. Активдүү Л. - стадиясынын узактыгы, мисалы, чымын жана көпөлөктөрдүкү 1 айга, ал эми май коңуздарыныкы 3-4 жылга созулат.