ЛИТИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛИТИЙ (латынча Ыййшп), элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы химиялык элемент. Катар номери 3; атомдук массасы 6,639. Л-ди 1817-жылы швед химиги А. Арфведсон ачкан. Жер кыртышынын м. боюнча 3,2 10"3%ин түзөт. Л. грекче «литос» - «таш» дегенди билдирет. Анткени ал паталит, сподумен жана лепидолит минералдарынын курамынан табылган. Л. - күмүш түстүү, эң жеңил жегич металлдарга кирет. Туруктуу 2 изотобу 6Ы жана 7Ы бар. Эрүү 1179°С; кайноо 11317°С; Л. бирикмелерде +1 окистенүү даражасын көрсөтөт. Абада Л. кычкылтек жана азот менен аракеттенип, Л. оксидин Ы2О жана нитридин Ы3М пайда кылатынча Башка щелочтуу металлдарга караганда суу менен реакцияга жай кирет. Анын гидроксиди - ЫОН күчтүү негиз. Галогендер менен галогениддерди ЫГ, күкүрт менен сульфидди Ы28, суутек менен гидридди ЫН, көмүртек менен карбидди Ы2С берет. Көптөгөн органикалык бирикмелердин жана көп куйманын курамына кирет. Металл түрүндөгү Л. эриген калий жана Л. хлориддеринин аралашмасын 400-460°Ста электролиздөө менен алынат. Ядролук энергетикада чоң мааниге ээ. Л. изотобу тритийди алууда колдонулат. Л. атом реакторлордо ядролук реакциянын жүрүшүн жөнгө салуучу өзөктөрдү жасоодо, уран реакторлорунда жылуулук алып жүрүүчү катары, түстүү жана кара металлургияда, химиялык ө. ж-ларда литий органикалык бирикмелерди алууда, ал эми анын бирикмелери силикат ө. ж-нда, туздары медицинада кеңири колдонулат. Ошондой эле Л. гидриди газ абалындагы суутекти тез алуу үчүн колдонулат.