МАЛАБАЕВ Жолдошбай: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
3-сап: 3-сап:
<p>Эмг.: <em>Малабаев Дж.</em> История государственности Кыргызстана. Б., 1997.</p>
<p>Эмг.: <em>Малабаев Дж.</em> История государственности Кыргызстана. Б., 1997.</p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАЛАБАЕВ Жолдошбай (7. 11. 1917, азыркы Жалал-Абад обл., Сузак району, Чачкынчы кыш. - 12. 8. 2005, Бишкек) - тарых илимдеринин доктору (1970). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-45) катышуучусу. Жалал-Абад педагогикалык техникумун (1937), КПСС БК Жогорку партиялык мектебин (1954) бүткөн. 1938-59-ж. советтик администрациялык жооптуу кызмат­тарда, 1960-69-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтундаил. кызматкер, 1970-76-ж. секторбаш­чысы, 1976-97-ж. Философия жана укук институту­нун информация секторунун улук илимий кызмат­кери болуп иштеген. 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 13 монография) автору. Илимий эмгектери не­гизинен Кыргызстанда Совет бийлигинин жана мам­лекеттүүлүктүн түзүлүшүнө, чыңдалышына ар­налган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Эмг.: Малабаев Дж. История государственности Кыргызстана. Б., 1997.