МАКЕДОНИЯ (мамлекет): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
55-сап: 55-сап:
<p>Ад.: Памятники культуры. Сербия. Македония. [Белград, 1958]; <em>Белоусов В. Н.</em> Современная архи­тектура Югославии. 2-е изд. М., 1986; Музиката на почвата музика. Пула, 1986; <em>Вагапова Н.</em> Драматиче­ский триптих Г. <em>Стефановского//Стефановский Г.</em> Яне­баламут [и другие пьесы]. М., 1987; Македония// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011. </p>
<p>Ад.: Памятники культуры. Сербия. Македония. [Белград, 1958]; <em>Белоусов В. Н.</em> Современная архи­тектура Югославии. 2-е изд. М., 1986; Музиката на почвата музика. Пула, 1986; <em>Вагапова Н.</em> Драматиче­ский триптих Г. <em>Стефановского//Стефановский Г.</em> Яне­баламут [и другие пьесы]. М., 1987; Македония// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011. </p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАКЕДОНИЯ (Македонща), Македония Республикасы (Република Македони)а) - Европадагы мамлекет, Балкан ж. а-нда. Баты­шынан Албания, түндүгүнөн Сербия, чыгышы­нан Болгария, түштүгүнөн Грекия менен чектешет.

Аянты 25,7 миң км.2. Калкы 2,1 миллион (2011). Бор­бору - Скопье ш. Администрациялык-аймактык жактан 84 жамаат­ка бөлүнөт (2004-жылдан). Акча бирдиги - ди­нар.

М. - БУУнун (1993), ЭВФтин (1993), Эл ара­лык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1993), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (1995), Европа советинин (1995), Бүт­күл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш

республика. Мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Чогулуш). Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашы­рат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: М. улут­тук биримдик демокр. партиясы - М. революциялык уюму, М. социал-демокр. союзу, Интеграция үчүн демокр. союз.

Т а б и я т ы. Жери тоолуу; анда негизинен орто бийиктиктеги келки тоо массивдери (өлкө­нүн аймагынын 2/3 бөлүгүн ээлейт) көптөгөн тоо аралык тектоникалык ойдундар менен айкалышып жа­тат. Эң бийик тоо массивдери өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө жайгашкан: Кораба (би­йикт. 2764 мге чейин, өлкөнүн эң бийик чоку­су), Шар-Планина (2748 м, Титов-Врх чокусу), Баба-Планина (2600 м, Пелистер чокусу), Яку­пица (2540 м, Солунска-Глава чокусу) ж. б. Чы­гышындагы тоолордун айрымдарынын бийикт. гана 2000 жден ашат. Тоо аралык ички ири ой­дуңдары: Пелагония (аянты 4000 км2; түштүк бөлүгүндө), Скопье (1840 км2), Полог, Овче-Поле, Славиште (түндүк бөлүгүндө). Темир, хром, марга­нец, никель, кобальт, коргошун, цинк, жез, сурьма, курамында алтын, күмүш кездешкен по­лиметалл кенташтары, курулуш материалдары ж. б. кендери бар.

Климаты мелүүн, жер ортолук климатка өт­мө. Ойдуңдарында кышы мелүүн серүүн жана жаанчыл, жайы ысык, кургакчыл. Январдын орт. температурасы 0,7-1°С, июлдуку 21-23°С; жыл­дык орт. температурасы 12,5-14,5°С. Жылдык орт.

МАКЕДОНИЯ

Дрин дарыясынын өрөөнү.

жаан-чачыны тоо аралык ойдуңдарда (Скопье) 450 льиден өлкөнүн батышындагы тоолордо 1200 ммге чейин. Жапыз тоолордо абанын жыл­дык орт. температурасы 6,2°Сге, орто бийик тоо­лордо 4,7°Сге чейин төмөндөйт. Өлкөнүн айма­гы негизинен Эгей жана Адриа деңиздеринин алаптарына кирет. Дарыя агымынын 80%тен ашыгы өлкөдөгү эң ири дарыя - Вардардын (Мененын чегинде узундугу 300 «лгдей) жана анын ири куй­маларынын алаптарында пайда болот. Башка ири дарыялары: Кара Дрин (батышында), Стру­мешница (түштүк-чыгышында). Ири калдык көл­дөр да кездешет: Охрид (Мененын чегиндеги аянты 230 км2), Преспа (176,8 кти2), Дойран (27,1 клг2). Ирригациялык жана коммуналык-ти­ричиликте пайдалануу максатында жалпы көлөмү 1 миллион ж3ден ашкан 20 суу сактагыч ку­рулган, алар - Шпилье (Кара Дрин д-нда), Тик­веш (Црна) ж. б.

Топурак-өсүмдүктөрү тоолордо бийиктик ал­кактуулук боюнча таралган. Жапыз тоолордогу бай­терек, хмелеграб, каштан, ак чечек аралаш өскөн эмен токою 1000-1100 м бийикте бук то­кою менен алмашат. 1700-1800 м бийиктен жого­ру ийне жалбырактуу европа карагайы, көк карагай токою, айрым жерлеринде эндемик ру­мелия кызыл карагайы өскөн реликт токой сак­талган. Токойдун чегинен жогору тоо кызыл карагайынан, арча токоюнан турган ийри-буй­ру өскөн субальп токою, аскалар менен айкалыш­кан альп шалбаасы мүнөздүү. Ойдундары неги­зинен айдалган, жапыз тоо токойлору айрым жерлеринде талаалашкан шалбаа жана бадалдар, кызыл карагай көчөттөрү менен алмашкан. Мененын токойлуулугу 40%ти түзөт (2010). М-да коргоо­го алынган 74 табигый аймагы бар, аларга Пе­листер (1848-жылы уюшулган), Маврово, Галичи­на улуттук парктары, табият резерваттары, та­бият эстеликтери ж. б. кирет.

К а л к ы. Македониялыктар калкынын 64,2% ин, албандар 25,2% ин түзөт; ошондой эле түрк, цыган, серб, бошняк, хорват ж. б. улуттар да жашайт. 20-к-дын 2-жарымында калк 75% ке өскөн (1948-2002-жылы македониялыктардын өсүусү

64,4% ке, ушул эле мезгилде төрөлүүнүн жана миграциялык агымдын көптүгүнөн албандар 158%ке, цыгандар 176%ке жеткен). Калк Вар­дар д-нын өрөөнүндө, Пелагония түздүгүндө, ошондой эле тоо аралык айрым өрөөндөрдө жыш оту­рукташкан. Расмий тили - македон тили, улут­тук азчылык жашаган жерлерде алардын тили пайдаланылат. Мененын калкынын 70%тейи хри­стиандар (анын 68%тейи православныйлар, 1%тейи католиктер жана униаттар), 30% ке жа­кыны мусулмандар. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 81 киши (2010). Калкынын жашы-

Македониянын борбор шаары - Скопье.

нын орт. узактыгы (эркектериники - 72,6 жаш, аялдарыныкы -77,9. Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 адамга 11,9), өлүм-житим ЮООге 8,9 (жаш балдардын өлүмү төмөн, ЮООге 8,5). Шаар кал­кы 59% . Скопье борбордук агломерациясынын кал­кы 593,0 миң (2009; өлкөнүн калкынын 29% и); ири шаарлары: Куманова, Битола, Тетово, При­леп, Велец, Охрид, Гостивар, Штип.

Т а р ы х ы. М. аймагында адамдар неолит убагында эле жашаган. Биздин заманга чейинки 5-2-к-да кул ээлик мамлекет пайда болуп, биздин заманга чейинки 3-2-к-да аны римдиктер караткан (к. Македония Ва­йыркы). 9-10-к-да М-да христиан дини тараган. М. аймагы 10-к-дын 70-жылдарында Батыш Болгар падышалыгынын, 1018-жылы Византия­нын, 1230-жылы Экинчи Болгар падышалыгынын жана 14-к-дын ортосунда сербдердин (падышасы Стефан Душан) курамына кирген. 14-к-дын аягында Осмон империясы басып алган. Түрк бийлигинин мезгилинде көптөгөн шаарлар түрк­төштүрүлүп, мусулман кыштактары пайда бол­гон. Түрк феодалдарынын эзүүсү, М-га күч менен ислам дининин киргизилиши түрк бийлигине жана феодалдарга каршы көтөрүлүштөргө (1560, 1593, 1606) алып келген. Көтөрүлүштөр басыл­гандан кийин (1690) калк массалык түрдө өлкөдөн сырткары (Габсбургдар империясына, Россияга) чыгып кеткен. Болгариядагы улут­тук кыймылдын таасири менен М-да да улуттук кайра жаралуу процесси башталып, 1830-60- жылдарда М-да болгар мектептери ачылган.

1877-78-ж. орус-түрк согушу аяктаган соң, Сан­Стефан тынчтык келишими (1878) боюнча Мененын кыйла бөлүгү Болгар княздыгына кирген. 19- к-дын аягы - 20-к-дын башында М. атаандаш улуу державалардын ортосунда талашка түшкөн аймактардын бири болгон, ошол эле учурда Балкан өлкөлөрүнүн ортосунда М. үчүн күрөш күчөгөн. 1895-жылы Софияда Жогорку Македон комитети (ЖМК), 1900-жылы Жогорку Македон-Одрин комитети (ЖМОК) түзүлүп, алардын мүчөлөрү сая­сий көз карандысыздык үчүн күрөшкөн жана Бол­гарияга биригүүнү көздөшкөн. Болгарияда Ос­мон бийлигине каршы куралдуу отряддар пай­да болгон. Түрктөргө каршы күрөш күчөп, 1902-жылы Россия-Австрия сүйлөшүүлөрүнүн на­тыйжасында М-да прогрессчил маанайдагы ре­форма болуп, улуттук принциптеги администрациялык-аймактык бөлүштүрүү башталган. 1-Балкан согушунун (1912) жүрүшүндө М. түрктөрдөн бошотулуп, 1913-жылы экинчи Балкан согушу аяктаганда Бу­харест тынчтыгы (1913) боюнча М. Сербия (Вардар М-сы), Грекия (Эгей М-сы) жана Болгариянын (Пирин крайы) ортосунда бөлүнгөн. 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде Болгария Вардар М-сын жана Эгей М-сынын бир бөлүгүн басып алып, согуш­тан кийин Сербйяга кайтарып берген. 1918-жылы Вардар М-сы Сербия менен бирдикте сербдер, хор­ваттар, словендер королдугуна, 1929-жылдан Югославияга кирген. 1941-жылы апрелде Югосла­вияны монархиялык Болгария, калганын Ита­лия басып алган. 1944-жылы декабрда Югославия элдик боштондук армиясы Кызыл Армия менен бирге Югославия аймагын бошоткон. 1945-жылы ноябрда Югославия Элдик Федерация Республи­касы (ЮЭФР) жарыяланган. 1963-жылы М. ЮЭФР­дин курамына союздук респ-ка катары кирген. 1989-жылдын аягында Ч. Европадагы окуялар­га байланыштуу ЮЭФРда саясий кризис күчөп, 1991-жылы 8-сентябрдагы референдум боюнча М. өз ал­дынча мамлекет деп жарыяланган (17. 9. 1991). 1992-жылы М. аймагына (Сербия менен чектеш айма­гына) БУУнун тынчтыкты колдоочу аскер кон­тингенти кирип, кийин Косового которулган. 2001-жылы 13-августта эл аралык ортомчулардын (АКШ, НАТО, ЕС, ОБСЕ) катышуусунда кризис­ти саясий жол менен чечүү үчүн төрт жактуу ке­лишим түзүлүп, ушул документке ылайык ма­кедониялыктар уюткулуу, жергиликтүү улут катары укугунан ажыратылып, өзгөчө көнүл албан ти­лине бөлүнүп, ага экинчи расмий тил статусу берилген.

Экономикасы. М.- Европадагы мамле­кеттердин ичинен экономикасы салыштырма­луу жакшы өнүкпөгөн өлкө. ИДПнин көлөмү 19,5 миллиард доллар (2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 61,4, ө. ж-ныкы 27,2, айыл жана токой чарбалары­ныкы 11,4.

Ө. ж-нын башкы тармактары: энергетика, ме­таллургия, химия, жеңил жана тамак-аш. Отун­энергетикалык балансынын түзүмүндө көмүрдүн үлүшү 50,1%, нефть менен нефть продуктулары­ныкы 29,8%, табигый газдыкы 0,8%, гидроэнер­гиясыныкы 18,3% (2007). Нефть менен табигый газга болгон муктаждык толук импортко бай­ланыштуу. Металлургия өлкөдө темир, темир­никелдүү кенташтар, марганец казылып алы­нып, болот, прокат, цинктелген тунуке, труба­прокат, феррокуйма чыгаруучу ишкана, завод­дор бар. Скопьеде алюминий куурларын жана кон­струкцияларын чыгаруучу завод иштейт. Машина

Скопье шаарындагы «МакзШ» компаниясынын заводу.

куруу станок, а. ч. машиналарын, кузовдор ав­томобиль тетиктерин ж. б., химиялык дары-дармек, лак-боёочу, химиялык була, косметика, курулуш ма­териалдары (портландцемент, бетон, айнек, фарфор, курулуш карапалары, кооздоочу куру­луш материалдарын ж. б., жеңил (кебез-кезде­ме жана жүндөн жасалган буюмдар, жибек, три­котаж, тигилүү кийим-кечек, жүндөн ийрилген жип, жасалма мех) ө. ж. ишканалары иштейт. Килем токулат. Тамак-аш ө. ж. (кант, ун, нан, сүт, май, консерва) өнүккөн. Экспортко негизи­нен - тамеки чыгарат. М. ошондой эле чыгарган шара­бы жана пивосу менен да белгилүү.

А. ч-га жарактуу жер өлкөнүн аймагынын 53%тейин ээлейт, анын ичинде айдоо жери 24%, бак­дарак жана жүзүмзар 2%, шалбаа 2%, жайыт 25%. Негизинен чакан фермалар, ошондой эле көп тар­мактуу ири чарбалар иштейт. А. ч-нын негизги тармагы - өсүмдүв­өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агро-

Македония акчасы - динар.

климаттык шарты дыйканчылык үчүн ың­гайлуу, бирок айдоо жердин кыйла бөлүгү (60 миң га айдоо) сугатты талап кылат. Негиз­ги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай, жүгөрү, арпа, шалы, кара буудай, буурчак, жашылча, картөшкө, кант кызылча, таттуу калемпир, бакча ж. б.; маанилүү техникалык өсүмдүгү - тамеки, мөмө-жемиш дарактарын (алма, анжир, кайналы, шабдалы, өрүк ж. б.), жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасын­да жайытта багылма чарбасы өнүккөн. Кой, эт багытындагы мал асыралат. Үй куштары багы­латынча Аарычылык, жибекчилик, көлдөрдө балык чарбасы өнүгүүдө.

Тейлөө чөйрөсүнүн башкы тармактары - че­кене соода жана социалдык (билим берүү, сала­маттыкты сактоо, коммуналык, администрациялык ж. б.) жактан тейлөө. Мененын бирдиктүү банк активи­нин 71,3% ин чет өлкөлүк капитал көзөмөлдөйт.

Туристтерди тейлөө жана мейманкана бизнеси - тейлөө чөйрөсүнүн эң келечектүү тармагы. 2008-жылы туризмден түшкөн киреше ИДПнин 6,1%ин түзгөн. 2007-жылы М-га 230,1 миң турист (негизинен Сербия, Грекия, Болгария, Албания­дан) келген. М-га келген туристтердин 17 3нен ашыгы Охрид ш-н жана Охрид көлүнүн жээгин кыдырат (Охриддин табият жана тарыхый эсте­ликтери Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген).

М. - Түштүк Европадагы маанилүү жолдор тоо­му. Өлкөнүн башкы жана эң жыш (автомобиль жана т. ж. магистралдуу) транспорт өзөгү Вардар д-нын өрөөнү аркылуу өтүп, Зальцбург (Авст­рия) - Любляна (Словения) - Загреб (Хорва­тия) - Белград (Сербия) - Скопье - Салоники (Грекия) эл аралык транспорт коридорунун бир бөлүгү болуп саналат. Транспорттун негизги-түрү болгон автомобиль жолунун узундугу 13,7 миң км (2007). Жогорку ылдамдыктагы негизги авто­магистралы - Александр Македонский атындагы жол (Куманово - Скопье - Валес - Гевгелия, узундугу 201 км). Т. ж-нун узундугу 925 км. Маанилүү жана электрлешкен жалгыз линиясы - Табановце - Куманово - Скопье - Гевгелия (315 км). Алба­ния жана Болгарияны карай т. ж. курулууда (2009). Магистралдык куур транспортунун узундугу 388 км (2008), анын 313 кми нефть кууру [Салоники. (Грекия) - Скопье (өткөрүмдүүлүгү жылына 2,5 миллион т нефть)], 98 ми газ кууру

(Россиянын газы Болгариянын аймагы аркы­луу Скопьеге келет). Охрид жана Преспа көлдө­рүндө кеме каттайт (Албания менен жүргүнчү каттамы бар). М-дагы 18 аэропорттун экөө (Ско­пье жана Охридде) эл аралык.

Экспортко кара металлургия продукциясын, текстиль жана тигүү буюмдарын, азык-түлүк (не­гизинен мөмө-жемиш, жашылча), суусундук, тамеки, минералдык сырьё (жез концентратта­рын ж. б.), отун (нефть продуктуларын), ма­шина жана жабдууларды, химикаттарды, фар­мацевтика дары-дармектерин чыгарат. Мененын товарларына негизги кардарлар: Сербия, Герма­ния, Грекия, Италия, Болгария, Бельгия, Хор­ватия. Сырттан машина куруу ө. ж-нын про­дукцияларын, болот прокатын, а. ч. продукту­ларын сатып алат. Негизинен Россия, Герма­ния, Сербия, Грекия, Италия, Болгария, Кы­тайга импорттойт.

Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 9 жылдык орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу македон, албан, түрк жана серб тилдеринде жүргүзүлөт. 4 мамлекеттик жана 11 мамлекеттик эмес ЖОЖ иштейт. М. илимдер жана искусство ака­демиясы (1967), Улуттук жана Ыйык Климент Охридскийдин университеттик китепканасы, Мамлекеттик ар­хиви (1951), Улуттук музей (1977) ж. б. бар. Ма­кедон жана албан тилинде гезит-журналдар чы­гат. Радио уктуруусу (1944-жылдан), телекөр­сөтүүсү (1964-жылдан), 2007-жылдан «Нет Пресс интернет» агенттиги иштейт.

Мененын аймагында адабият 9-к-да византиялык үлгүдө жана эски славян жазуусунун таралышы менен байланыштуу өнүккөн. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Мененын адабияты үчүн жаңы жанр­лар - марш-ырлары, ыр-балладалар жана баатыр­дык поэмалар пайда болгон. М-да биринчи ада­бий журнал «Нов ден» (Скопье, 1945-50) жа­рыкка чыккан. 1940-50-жылдары Мененын ад­тында модернизмдин таасири күчөгөн. 1950-60- жылдары М. адабиятында улуттук салтты жана классикалык мурасты жаратуу жанданган. 1970- жылдары М. адабиятында постмодернизм багыты жаралган (М. Манджунков, В. Манчев), интел­лектуалдык поэзия (Г. Тородовский, В. Уроше­вич, М. Матевский), элдин тарыхый тагдырын изилдөөдө роман жанры пайда болгон. (В. Ма­леский, С. Яневский, Ж. Чинго). Драматургия­да салттык социалдык-турмуштук драманын трансформациясы пайдаболот. 1980-жылдардын адабиятында 20-к-дагы улуттук тарыхы, трагедия­лык окуялары чагылдырылган. 1990-2000-жыл­дары прозада Т. Георгиевский, П. М. Андреев­ский, Л. Старова, Т. Крсетский ж. б. жазуучу­лар, поэзияда С. Г. Димоский, 3. Анчевский, Я. Нинов, С. Гигов-Гиша ж. б. акындар эмгек­теништи.

М-да мегалитикалык курулуштардын биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын башындагы (Кокинодогу об-

Скопьедеги Муста­фа-паша мечити. 1492.

серватория деп аталган) карапа идиштер, нео­лит жана коло доорундагы металл буюмдары; некрополдор, темир доорунда кылымындагы жергиликтүү искусствонун эстеликтери (анын ичинде байыркы гректик архаикага жакын алтын маскалар, адамдардын, жаныбарлардын кичинекей фигу­ралары ж. б.) табылган. 9-10-к-да (Штипдеги Архангел Михаил, 1334; Люботенедеги Ыйык Николай, 1336-37) чиркөөлөр, базиликалар кийин Осмон империясы учурунда (Скопьедеги Султан Мураттын, 1436; Мустафа-пашанын, 1492; Битоледеги Исак-жамиянын, 1508-09) мечиттер курулган. 18-19-к-да өзүнчө бир эл­дик зодчествонун формалары калыптанган.

19-к-дын аягы - 20-к-дын башында ири ша­арларда (Скопье, Битола, Охрид, Ресен) европалык эклектизм мүнөзүндөгү курулуштар пайда бол­гон, бирок шаарлардын жүзү анча өзгөргөн эмес. Россиядан окуп келишкен живописчилер Д. Ан­донов Папрадишкий жана Ж. Зографский чиркөө живописине фольклордук мотивдерди, тарыхый композицияларды, портреттерди, пейзаждарды, элдик турмуштун сценаларын чагылдырышкан.

Музыкалык маданиятында фольклордун жана чиркөө ыр­ларынын салттары сакталган. 1894-жылы Велесте маданий-агартуу коому, 1895-жылы Скопьеде үй­лөмө аспаптар оркестри уюшулган. 1-симфониялык му­зыка жана Скопьеде жеке музыкалык мектеп ачылган. 1944-жылы симфониялык оркестр негизделген, анын база­сында филармония уюшулган (1954-жылы оркестр), 1960-жылы Улуттук опера жана балет театры ачыл­ган, ал 2004-жылдан М. операсы жана балети деп аталат. Мененын эң көрүнүктүү дирижёрлору: Т. Скаловский, Т. Прокопьев, ырчы П. Богда­нов-Кочко. 1950-жылы фольклордук институт түзүлгөн, 1966-жылы Жогорку музыкалык мектеп (азыркы музыка академиясы) ачылган.

1901-жылы Болгариянын Плевен шаарында драматург В. Чернодринский «Камкордук жана сооротуу» деген биринчи македон театр труппасын түзгөн. Анын репертуарында негизинен патриоттук пье­салар (Чернодринскийдин «Македондук кандуу үйлөнүү тою»), ошондой эле турмуштук сценкалар бол­гон. 1913-жылы Скопьеде - Король Александр I атындагы Улуттук театр уюшулган. 1990-2000-жылы Прилеп, Штип, Куманово шаарында жаңы театрлар ачылган.

Улуттук кинематографияны негиздөөчүлөр деп бир тууган Я. жана М. Манакилер эсептелет. 1947-жылы Скопьеде «Вардарфильм» киностудия­сы түзүлүп, хроникалуу-документалдык тасма­лар тартыла баштаган.

Ад.: Памятники культуры. Сербия. Македония. [Белград, 1958]; Белоусов В. Н. Современная архи­тектура Югославии. 2-е изд. М., 1986; Музиката на почвата музика. Пула, 1986; Вагапова Н. Драматиче­ский триптих Г. Стефановского//Стефановский Г. Яне­баламут [и другие пьесы]. М., 1987; Македония// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.