МАЗМУН ЖАНА ФОРМА (философия): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
3-сап: 3-сап:
<p>Кийин­ки <abbr data-short="ил." data-full="илимий" data-extended="true">илимий</abbr> ачылыштар гана М. ж. Ф-нын бүт­күл диалектикасын нукура <abbr data-short="ил." data-full="илимий" data-extended="true">илимий</abbr> негизде айкын­дады.</p>
<p>Кийин­ки <abbr data-short="ил." data-full="илимий" data-extended="true">илимий</abbr> ачылыштар гана М. ж. Ф-нын бүт­күл диалектикасын нукура <abbr data-short="ил." data-full="илимий" data-extended="true">илимий</abbr> негизде айкын­дады.</p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАЗМУН ЖАНА ФОРМА - диалектиканын өсүп-өнүгүү процессин түшүндүргөн категорияла­ры. Мазмун (М.) - тигил же бул кубулушту, затты кураган элементтердин, процесстердин жыйындысы. Форма (Ф.) - М-дун жашоо ыгы, курулушу, түзүлүшү. Ар кандай кубулушка М. ж. Ф. таандык. М. Ф-луу, Ф. М-дуу болот, экөө ажырагыс, ошондуктан аларды бири би­ринен бөлүп кароого болбойт. Алардын өз ара байланышында М. чечүүчү мааниге ээ. Өнүгүү процессинде М-дун өзгөрүшү Ф-нын өзгөрүшүн шарттайт. Ошондой эле Ф. да М-га таасир берет. Ф. М­га шайкеш келген-келбегенине жараша анын өнүгүшүн, байышын ыкчамдатат же ага кедер­ги болот. М. менен Ф-нын өз ара мамилеси - диа­лектикалык карым-катнаштардын биримдиги­нин жана күрөшүнүн ачык-айкын мисалы. М. менен Ф-нын биримдиги утурумдук салыштырма­луу мүнөзгө ээ. Өнүгүү процессинде пайда болуп, жаңырган М. жаңырган Ф-ны талап кылат. М. менен Ф. ортосундагы шайкешчилик эски Ф-нын ордуна жаңы Ф-нын келиши менен гана ишке ашат. Бул - өнүгүүнүн диалектикалык теория­сынын зарыл бөлүгү. М. менен Ф. категориялары тууралуу туура түшүнүк тез эле калыптана кал­ган эмес. М. ж. Ф. жөнүндөгү түшүнүктү адегенде Аристотель иштеп чыккан. Бирок ал Платон сыяктуу эле идеалисттик түшүндүрмө берген менен Ф-сыз материя, материясыз Ф. болбойт де­ген тыянакка келген. М. ж. Ф-ны идеалистче түшүнүүнү ашкерелөө Ж. Брунодон башталып, аны Ф. Бэкон, Р. Декарт, Т. Гоббс уланткан. Гегель М. ж. Ф-ны метафизикче түшүнүүнү ка­туу сындап, диалектикалык түшүнүктөрдү (тү­шүндүрүүнү) негиздегени менен жалпысынан идеализмдин чегинен чыга алган эмес.

Кийин­ки илимий ачылыштар гана М. ж. Ф-нын бүт­күл диалектикасын нукура илимий негизде айкын­дады.