МАЗАКТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
3-сап: 3-сап:
</p>
</p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАЗАКТОО — адамдын ар-намысын жана кадыр­баркын атайылап кемсинтүүчү кылмыш кура­мы. М. негизинен уятсыздык ыкмасы (уят сөздөр менен сөгүү, тилдеп кат жазуу, жылаңач сүрөтүн тартуу ж. б.) менен жасалат. М. инсандын эркин­дигине, ар-намысына жана кадыр-баркына кар­шы кылмыштар тобуна кирет. М. жабырлануу­чунун же ал жок жерде бөлөк адамдардын көзүнчө (мындай учурда мазактаган адамдын экинчи бир адамды мазактаганы ал адамга же­тет жана билинет деп жасайт) жасалышы мүмкүн. Калк алдында ММКлар аркылуу чыгып сүйлөө, калкка көрсөтүлгөн чыгарма ж. б. Мененун оор­дотуучу белгилерине кирет. М. чоң коркунуч кел­тирбеген кылмыштар жигине кирип, жеке айып­тоо иштерине таандык. Жазык мыйзамы адам­дардын ар-намысын жана кадыр-баркын

экинчи бир адамдар тарабынан ар кандай кемсин­түүлөрдүн болушуна тыюу салат. К. Бодобаев.