МАДЕМИЛОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
4-сап: 4-сап:
<div class="imageCaption">[[File:МАДЕМИЛОВА_2.jpg|thumb|Г. Мадемилова - Тао-Зоа, Р. Глиэр, «Кызгалдак».]][[File:МАДЕМИЛОВА_3.jpg|thumb|Shape 1177]]</div>
<div class="imageCaption">[[File:МАДЕМИЛОВА_2.jpg|thumb|Г. Мадемилова - Тао-Зоа, Р. Глиэр, «Кызгалдак».]][[File:МАДЕМИЛОВА_3.jpg|thumb|Shape 1177]]</div>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү (Эркин) (20. 2. 1929- жылы туулган, Фрунзе) - бийчи, балетмейстер. Кыргыз ССРинин эл арт. (1979), Кыргыз ССРинин иск­вого эмг. сиң. ишмери (1963). 12 жашында Ле­нинград хореогр. окуу жа­йына кабыл алынып, со­гушка

байланыштуу окуу­сун М. Күрөңкөев атындагы музыкалык хореогр. окуу жайында уланткан. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет теат­рынын балет труппасына кабыл алынган. М. Одетта­Одилия (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Зарема (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Анар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Анар»), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Флорида (К. Делиб, «Коппелия») ж. б. ролдор­ду аткарган. 1958-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театр институтун бүтүрүп, балетмейстер-репети­тор. 1970-72-ж. Моңголияда балетмейстер, 1974- 76-ж. Вьетнамда балетмейстер-педагог, 1977-

87-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын ал­дындагы бий ансамблинин («Акмарал») көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп иштеген. Кыргыз опера жана балет театрында 1958-жылы Кара Караевдин «Чагылгандын изи ме­нен», 1962-жылдан Й. Штраустун «Чоң вальс», А. С. Аренскийдин «Египет түнү», П. И. Чайков­скийдин «Франческа да Римини» балеттерин, Н. А. Римский-Корсаковдун «Испан каприччи­осу» миниатюрасын койгон. «Акмарал» бий ан­самбли менен Бельгия, Франция, Дания, Швеция, Мозамбикте жана КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон. «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Г. Мадемилова - Тао-Зоа, Р. Глиэр, «Кызгалдак».
Shape 1177