МАГНИТ ХИМИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 3-сап: | 3-сап: | ||
<p>Ад.: <em>Карлин Р. Л.</em> Магнетохимия. М., 1989; <em>Калинников В. Т„ Ракитин Ю. В.</em> Современная магнетохимия. СПб., 1994.</p> | <p>Ад.: <em>Карлин Р. Л.</em> Магнетохимия. М., 1989; <em>Калинников В. Т„ Ракитин Ю. В.</em> Современная магнетохимия. СПб., 1994.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГНИТ ХИМИЯСЫ - химиянын физикалык заттын химиялык түзүлүшү менен анын магниттик касиетинин ортосундагы байланышты жана магнит талаасынын химиялык бирикмелердин реакцияга катышуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүгү. М. х-нда диамагниттик органикалык бирикмелер кеңири изилденген. Аны 1910-жылы фр. химик П. Паскаль жүргүзгөн жана «М. х.» терминин киргизген. Бул бирикмелердин молекулалык магниттик кабылдоочулугу молекуланы түзгөн атомдордун магниттик кабылдоочулугунун суммасына барабар. Өлчөгөн магниттик кабылдоочулукту кошуучулук жобосу боюнча эсептелген кабылдоочулукка салыш-тыруу менен молекуланын химиялык түзүлүшүн, атомдордун өз ара байланышын, комплекс түзүүнү ж. б. аныктоого болот. М. х-нда парамагнетиктерди изилдөөдө алардын эксперименттен алынган магниттик моментин теориялык жол менен эсептелген магниттик моментине салыштырып, молекуланын химиялык түзүлүшү аныкталат. Координаттык бирикмелердин молекулаларынын парамагнеттик касиети алардын жупталбаган электрондору, кристаллдык (лигандык) талаанын чыңалышы жана симметриясы менен аныкталат. Парамагнетиктик кабылдоочулук диамагнетикке караганда алда канча чоң болгондуктан, М. х-нын ыкмалары ферромагнетиктердин кошундусун табуу үчүн колдонулат. М. х-нда заттын химиялык тең салмактуулугуна, андагы ар кандай кубулуштардын кинетикасына, химиялык реакциялардын механизмине магнит талаасынын тийгизген таасирин изилдөө чоң мааниге ээ.
Ад.: Карлин Р. Л. Магнетохимия. М., 1989; Калинников В. Т„ Ракитин Ю. В. Современная магнетохимия. СПб., 1994.