МААРАК СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 6-сап: | 6-сап: | ||
<p>тиканын жээктерине чейин таралган. Өтө суук жерлерде келгин куштар, уясын ачык жерге, аскага, чанда ийиндерге же таш арасына салат. Көбү моногамдар, 2-4 жумуртка тууйт. Балапандары көбүнчө жумурткадан чыгары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> эле уяны таштайт. Көпчүлүк М. с. колония түзүп уялашат. Негизинен майда жандыктар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> азыктанат. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 3 түрчөсү катталган.</p> | <p>тиканын жээктерине чейин таралган. Өтө суук жерлерде келгин куштар, уясын ачык жерге, аскага, чанда ийиндерге же таш арасына салат. Көбү моногамдар, 2-4 жумуртка тууйт. Балапандары көбүнчө жумурткадан чыгары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> эле уяны таштайт. Көпчүлүк М. с. колония түзүп уялашат. Негизинен майда жандыктар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> азыктанат. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 3 түрчөсү катталган.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МААРАК СЫМАЛДАР (СЬагабгШогтез) — куштар түркүмү. Көбүнчө сууда жана суу жээгинде жашайт. Сырткы кебетеси өтө ар түрдүү. Асмандан ылдый кудуганда куйругу жазылып, желге желбирегенде эчкинин маараганындай үн чыгат (аты ошондон улам). 3 түркүмчөсү (тартак тартарлар, чулдуктар жана чардак-чулдуктар) бар. Чардак чулдуктар 8 тукумга (ача куйруктар, чулдуктар, жөө күлүк чулдуктар, ак маарактар, каракчы чулдуктар, чардактар, чистиктер ж. б.) бөлүнөт. М. с-дын ЗООдөн ашык, КМШ өлкөлөрүндө 134 түрү кездешет. Арктикадан Антарк-

тиканын жээктерине чейин таралган. Өтө суук жерлерде келгин куштар, уясын ачык жерге, аскага, чанда ийиндерге же таш арасына салат. Көбү моногамдар, 2-4 жумуртка тууйт. Балапандары көбүнчө жумурткадан чыгары менен эле уяны таштайт. Көпчүлүк М. с. колония түзүп уялашат. Негизинен майда жандыктар менен азыктанат. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 3 түрчөсү катталган.