МААЛЫМАТТЫК КООМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 4-сап: | 4-сап: | ||
</p> | </p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МААЛЫМАТТЫК КООМ - азыркы доордо социалдык экономикалык өнүгүүнүн негизги факторуна айланган концепция; коомдун көпчүлүгү катышкан маалымат өндүрүшү башкача айтканда маалымат индустриясы. «М. к.» термини 20-к-дын 80-жылдарынын башында социология илиминде пайда болгон. Анын жаралышына компьютерди келечектеги турмушту жана иш-аракетти жөнгө салгыч катары чагылдырган информатиканын жана коммерциялык жарнаманын дүркүрөп өнүгүшү зор көмөк берген. Д. Белл, Е. Масуда ж. б. батыш социологдору М. к-дун идеологдору катары эсептелет. М. к. түшүнүгү турмуштун бардык чөйрөлөрүн өз кучагына алган жалпылоо болуп саналат: техникалык чөйрөдө - маалыматтык технологияларды коомдун өндүрүш, экономикалык, ишкердик, билим берүү жана турмуш-тиричилик чөйрөлөрүнө кеңири кирет; экономикалык чөйрөдө маалымат товарга айланат; социалдык чөйрөдө маалымат турмуштиричилик сапатын өзгөртүүнүн негизги фактору болуп калат; саясий чөйрөдө маалымат пикир алышууну камсыз кылат жана ар кандай
маалыматка эркин түрдө ээ болууга мүмкүндүк берет; маданий чөйрөдө маалымат алмашуу жаңы коомдун керектөөлөрүнө жооп берип, аларга ылайык нормалар менен баалуулуктарды калыптандырууга жардам берет, к. Постиндустриялык коом.