ЛУЩИХИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
3-сап: 3-сап:
<p>Эмг.: Кыргыз уян жүндүү кою. Ф., 1958; Кыргыз­стандагы уяң жүндүү кой чарбачылыгы. Ф., 1959; Вопросы генетики и селекции овец. М., 1974.</p>
<p>Эмг.: Кыргыз уян жүндүү кою. Ф., 1958; Кыргыз­стандагы уяң жүндүү кой чарбачылыгы. Ф., 1959; Вопросы генетики и селекции овец. М., 1974.</p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

ЛУЩЙХИН Михаил Николаевич (14. 9. 1905, азыркы Москва обл., Рузе ш. - 5. 5. 1978, Фрун­зе) - селекционер, а. ч. илимдеринин доктору (1961), проф. (1962), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1969; корр. мүчөсү, 1956). В. И. Ленин атындагы Вүткүл союздук а. ч. илимдер ака­демиясынын корр. мүчөсү (1956), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1947). Москва зоотехния институтун бүтүргөн (1930). 1932-жылдан Кыргызстанда. КАЧИни уюштуруучулар­дын бири. 1936-жылдан ошол эле институтта кафедра башчысы, 1943-54-ж. институт-тун директору болуп иштеген. Анын жетекчилиги жана демилгеси менен Кыргызстанга уяң

жүндүү койлор алынып келинген. Жасалма уруктандыруунун натыйжасында респ­дагы кылчык жүндүү кой чарбасы түп-тамыры­нан бери өзгөргөн. Анын жетекчилиги менен кыр­гыз уяң жундуу кою чыгарылган. Л-дин илимий эм­гектери уяң жүндүү койду тоо шартында өстү­рүүгө, породалык сапатын жакшыртууга, гене­тика, селекция ж. б. тармактарга арналган. Кыргыз ССР Жогорку Совцтинин депутаты (1971-78). Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл дос­тугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери менен сый­ланган.

Эмг.: Кыргыз уян жүндүү кою. Ф., 1958; Кыргыз­стандагы уяң жүндүү кой чарбачылыгы. Ф., 1959; Вопросы генетики и селекции овец. М., 1974.