ЛУНОХОД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
3-сап: 3-сап:
<div class="imageCaption">[[File:ЛУНОХОД_1.jpg|thumb|Луноход-1. 8ЕЛ аппараты. № 203. 1970.]]</div>
<div class="imageCaption">[[File:ЛУНОХОД_1.jpg|thumb|Луноход-1. 8ЕЛ аппараты. № 203. 1970.]]</div>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

ЛУНОХОД, Айда өзү жүрүүчү аппа­р а т - айдын бетинде өз алдынча жүрүүгө жөндөмдүү автоматтык станция же космонавт­тарды жана жабдууларды ташуучу аппарат. Л. илимий из. жүргүзүүдө жана ай экспедициясында унаа ка­ражаты катары колдонулат. Л-ду аралыктан ав­томаттык башкаруу Жерден жүргүзүлөт жана ага атайын телекөрсөткүч система орнотулуп, ал ар­кылуу сүрөттөлүш Жерге берилет. Экипаждуу Л. автономдуу навигациялык системаларды кол­донуу менен космонавттар аркылуу башкарылат жана айдын бетинде атайын дөңгөлөктөрдүн жар­дамы менен жылып жүрөт. Айда өзү жүрүүчү Жер­ден башкарылма аппарат «Лунаход-1» (1970), советтик планета аралык автоматтык станция «Лу­на-17» менен жеткирилген. Анын салмагы 756 кг, 1 жылга жакын иштеген. 1970-75-ж. советтик эки Л. учурулган. Жерге 20 ОООден ашык сүрөт теле­система аркылуу жиберилген. 1971-72-ж. Айга «Аполлон-15, 16 жана 17» космос кемелери менен 3 «Ровер» Л-дору жеткирилген. Ал астронавттар­дын иштерин кыйла жеңилдеткен, конгон жер­ден 27-35 км аралыкка алыстоого мүмкүнчүлүк болгон. Л. - планетоходдордун бир түрү жана азыркы мезгилде Марста жүрүүчү аппарат (мар­соход) иштетилүүдө.

Луноход-1. 8ЕЛ аппараты. № 203. 1970.