ЛОТАРИНГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 3-сап: | 3-сап: | ||
<p>Л. Германияга кошулуп (к. <em>Франкфурт тынчтыгы),</em> Эльзас-Лотарингия империясы түзүлгөн. <em>Версаль тынчтык келишими (1919)</em> <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> Л. Францияга кайтарылып, 1940-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> фашисттик Германия басып алып, 1944-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> кайра Францияга берилген.</p> | <p>Л. Германияга кошулуп (к. <em>Франкфурт тынчтыгы),</em> Эльзас-Лотарингия империясы түзүлгөн. <em>Версаль тынчтык келишими (1919)</em> <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> Л. Францияга кайтарылып, 1940-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> фашисттик Германия басып алып, 1944-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> кайра Францияга берилген.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОТАРИНГИЯ - Франциянын түндүк-чыгышында Мозель д-нын алабындагы тарыхый аймак. Л. аймагында Мозель, Мётр жана Мозель, Мёз, Вогезы департаменттери жайгашкан. Байыркы заманда Л-да кельттер жашап, биздин заманга чейинки 1-к-дын орто ченинде аны римдиктер каратып, 5-к-дын аягында Франк королдугуна караган. Франк мамлекети кулап, император Лотар 1нин жер бөлүүсүнөн кийин Л. королдугу түзүлүп, 855- 900-ж. Рейндин ортонку жана төмөнкү агымында жайгашкан. Л. анын биринчи королу (855- 69) Лотар Пнин ысмынан аталган. 925-ж. герцогдук катары Герман королдугуна кирип, 959-ж. Л. Төмөнкү жана Жогорку герцогдуктарга бөлүнгөн. 11-12-к-да Төмөнкү герцогдук Лувен (12- к-дын аягынан Брабант), Намюр, Лимбург ж. б. графтыктарга бөлүнүп, ал аймактар кийин Бельгия менен Нидерланддын курамында калган. Жогоркусу 12-к-дан баштап Л. герцогдугу деп аталган. 9-к-дын аягында феодалдык мамилелер калыптанып, 10-12-к-да феодалдык бытырандылык башталган. Географиялык ыңгайлуу шартка байланыштуу Л. немис жана француз королдорунун талашына туш болуп, формалдуу түрдө Ыйык Рим империясына баш ийсе да, 13-к-дан баштап Франциянын саясий-экономикалык, маданий таасири күчөгөн. 15-к-дын аягы же Франция менен Бургундиянын ортосундагы Л. ж. б. жерлер үчүн болгон Бургунд согуштарынан (1474-77) кийин Франциянын Л-дагы таасири кыйла күчөп, герцогдор Рене Пнин (1473-1508) жана Антуандын (1508-44) тушунда Мозель, Маас аймактары караган. 16-к-дын 2-жарымында Л-ны Францияга кошуу процесси башталып, Вестфалия тынчтыгы (1648) боюнча Мец, Туль, Верден Франциянын карамагына өткөн. 1697-жылы Л. герцогдугу калыбына келтирилип, «Ыйык Рим империясынын» бир бөлүгү болуп калган. Вена тынчтыгына (1738) ылайык Л. француз Станислав Легцинскийге түбөлүк берилип, ал өлгөн соң (1766) провинция катары Франциянын карамагынакирген. 1790-жылы Л. Франциянын департаменти болуп, 1871-жылы Эльзас менен бирге Чыгыш
Л. Германияга кошулуп (к. Франкфурт тынчтыгы), Эльзас-Лотарингия империясы түзүлгөн. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча Л. Францияга кайтарылып, 1940-жылы фашисттик Германия басып алып, 1944-жылы кайра Францияга берилген.