ЛОЛЛОБРИДЖИДА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 3-сап: | 3-сап: | ||
<p>Эмг.: ИаНа ш1а. Пгепхе, 1972; Моя Италия [фотоальбом]. М., 1975.</p> | <p>Эмг.: ИаНа ш1а. Пгепхе, 1972; Моя Италия [фотоальбом]. М., 1975.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОЛЛОБРЙДЖИДА Жина (өз ысмы Луиджина; 4. 7. 1927-жылы туулган, Субиако) - итал. актриса. 1946-жылы «Кара бүркүт» фильмине тартылган, 1947-жылы Италияда өткөн «Мисс Италия» сулуулук конкурсунан кийин белгилүү боло баштаган. Ж. Филипп менен «Фанфан-Тюльпан» (реж. Кристиан Жак) приключениелүү фильмине тартылган. 1950-жылдардын башында «күлгүн неореализмдин» фильмдерине, анын ичинде ага атак-даңк алып келген Л. Коменчининин «Нан, сүйүү жана фантазия», «Нан, сүйүү жана кызганыч» комедияларына В. Де Сика менен бирге тартылган. Кийин Л. итал., европалык жана америкалык көңүл ачуучу мүнөздөгү фильмдерге («Соломон жана каныша Савская», «Империялык Венера» ж. б.) тартылган. 1970-жылдары Л. Куба жөнүндө «Фиделдин портрети» (1975) деген документ фильм коюп, көркөм фотография менен иштейт. «Абайлагыла, бандиттер», «Түнкү сулуулар», «Элеттик кыз», «Римдик кыз», «Париждик Кудай эне собору», «Сентябрда кел», «Эң сонун ноябрь», «Төрө, матке, вазир» фильмдерине тартылган. 1980- жылдардан скульптура менен алектенет. Чыг-лыгы жана киноиск-вого кошкон салымы үчүн Батыш Берлинде (1986), Карлови-Вариде (1995), Москвада (1997) ЭКФ сыйл. алган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.
Эмг.: ИаНа ш1а. Пгепхе, 1972; Моя Италия [фотоальбом]. М., 1975.