ЛОБНОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
5-сап: 5-сап:
<p>Ад.: <em>Мурзаев Э. М.</em> Природа Синьцзяна и формиро­вание пустынь Центральной Азии. М., 1966; <em>Кузнецов Н. Т.</em> Воды Центральной Азии. М., 1968.</p>
<p>Ад.: <em>Мурзаев Э. М.</em> Природа Синьцзяна и формиро­вание пустынь Центральной Азии. М., 1966; <em>Кузнецов Н. Т.</em> Воды Центральной Азии. М., 1968.</p>


[[Category:5-том,_50-100_бб]]
[[Category:5-том,_101-200_бб]]

31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска

ЛОБНОР - Тарим түздүгүнүн чыгышындагы туюк көл; Кытайдын батышында, деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Көлгө куйган да­рыялардын (Тарим, Кончедарыя) чыгымы жана нугу туруктуу болбогондуктан, Л-дун жайгаш­кан жери, өлчөмү, туздуулугу жыл сайын же мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Дарыялар куйганда аянты 3 миң км2ге жетет (9-12-к-да 14 миң км2 болгон). Көл шор жерлер жана саз­дар менен курчалып, кургакчыл мезгилдерде же Кара-Кошун көлүнө куйган жылдары бир нече майда иримдерге бөлүнөт же соолуп, ноябрдан апрелге чейин муз каптайт; басымдуу бөлүгү түбүнө чейин тоңот. Кара-Кошун көлүн изилдөө аркылуу (орус саякатчысы Н. М. Пржеваль­ский ж. б.) Борбордук Азиядагы «адашкан» дарыя­лар менен көлдөрдүн проблемасын чечүүгө өбөлгө түзүлгөн.

Ад.: Мурзаев Э. М. Природа Синьцзяна и формиро­вание пустынь Центральной Азии. М., 1966; Кузнецов Н. Т. Воды Центральной Азии. М., 1968.