ЛИТОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 11-сап: | 11-сап: | ||
<p>Ад.: <em>Суворов П. И.</em> Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; <em>Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л.</em> Технология офсетной печати. М., 1966.</p> | <p>Ад.: <em>Суворов П. И.</em> Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; <em>Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л.</em> Технология офсетной печати. М., 1966.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛИТОГРАФИЯ (лито... жана ...графия - тегиз басуу) - көркөм басманын техникасы. Көркөм сүрөт искусствосунда формага сүйкөлгөн боёкту кагаз, таш (катуу акиташ) менен иштөөгө байланышкан нуска (оттиск) алуу ыкмасы; Л. ыкмасы менен басылган чыгарма; ушул ыкмага адистештирилген өнөркана. Л-ны сүрөтчү атайын майлуу Л-лык калем менен бүртүктүү же тегиз беттүү таштын үстүнө тартып аткарат. Сыя калем менен тартылган графикадан басып алуу үчүн жылмакай таш, ал эми калем менен тартылган сүрөттун так көчүрмөсүн алууда быдырлуу таш пайдаланылат. Кээде атайын Л-лык кагаз - корнпапирге тартылган сүрөттү таштын бетине түшүрүүгө туура келет. Таш химиялык жол менен иштетилип, форманын бети сууланып, боёк сүйкөлгөндөн кийин басуу процесси аткарылат. Басма атайын станокто жүргузүлөт. Л-лык техниканын башка да аз колдонулуучу түрлөрү

(хромолитография, асфальтта кырып тартуу, туш менен жуу, таш гравюрасы) бар. Көп учурда ташта иштөөнүн ордуна түп нусканы атайын көчүрмө кагазда аткарышат. Бул учурда сүрөттү ташка сүрөтчүнүн жардамысыз эле түшүрө беришет. Л-ны 1797-жылы Германияда А. Зенефельдер ойлоп чыгарган. 19-к-да кеңири тараган көркөм каражат болуп калды. Ал карикатура менен саясий-сатиралык чыгармаларда сүрөт көчүрмөсүн көбөйтүү, кара-ак жана көп түстүү нускаларды, китеп сүрөттөрүн, географиялык карталарды, этикетка, плакат, көрсөтмө куралдарды ж. б. көбөйтүп басуу үчүн кеңири колдонулат. Андан кийин иштөө принциби Л-га окшош келген автолитография, олеография, литогравюра, альграфия ж. б. пайда болгон. 20-к-дын 30-жылдарынан сүрөт көчүрмөсүн алуунун өркүндөтүлгөн түрү - офсеттик басууну колдонуу менен Л-лык процесс өндүрүштө четтетилишине карабай Л. көркөм нусканы алуунун алгачкы техникасы болуп кала берүүдө. 19-к-да Л. жасалга өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Иллюстрация, саясий жана турмуштук карикатура, плакат, эстамп өнүккөн. Л-нын кулач жайышына Ф. Гойя, Т. Жерико, Э. Делакруа, А. Менцель, 0. Домье, П. Пикассонун чыгармачылыгы зор роль ойногон. Россияда Л-нын өнүгүшү А. О. Орловский, О. А. Кипренский, К. П. Брюллов, К. И. Лебедевдин ысымдарына тыгыз байланыштуу. Л. станогун Октябрь революциясынан мурда Германиянын Лейпциг ш-нан Санкт-Петербургга, Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанга алып келишкен. Л-лык өнөркана Бишкекте Сүрөтчүлөр үйүндө жайгашкан. Өнөрканада белгилүү сүрөтчүлөр: Л. Ильина, Л. Трусковский, Ю. Белевич, В. Рогачев, А. Сгибнев, Р. Нудель, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев, Т. Курмановдор эмгектенишкен. 2005-жылы өнөркана Л. борбору болуп, жаңы долбоор менен иштей баштаган. Кыргызстандагы Л-лык борбор - Борбордук Азиядагы жалгыз ишкана. Бүткүл дүйнөлүк Л. борбору деген статуска ээ болгон. Л. борборун Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, живописчи - график О. Абсаттаров жетектейт. Анда сүрөтчүлөр көркөм графиканын офорттук гравюра өнөрүн үйрөнүшөт жана чыгармачылыгын өркүндөтүшөт. Борбордо Европанын, Борбордук Азиянын жана Австриянын сүрөтчүлөрүнүн семинарлары, студенттер үчүн лекциялар, практикалык сабактар өтүлөт. Новосибирск шаарында жана Полыпада эки жылда бир өтүүчү эл аралык конкурстарга, көргөзмөлөргө кыргыз литографисттери да катышып турушат.
Ад.: Суворов П. И. Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л. Технология офсетной печати. М., 1966.
