ЛИТКЕ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 6-сап: | 6-сап: | ||
</em> Литке Ф. Т. М., 2008.</p> | </em> Литке Ф. Т. М., 2008.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛИТКЕ Фёдор Петрович [17(28). 9. 1797, СанктПетербург - 8(20). 8. 1882, ошол эле жер] - орус деңиз саякатчысы, географ, Арктиканы изилдөөчү, адмирал (1829), граф (1866-жылдан),
Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1829), ардактуу мүчөсү (1855) жана президенти (1864). 1813-жылдан флотто болгон. 1817-19-ж. В. М. Головнин жетектеген «Камчатка» кемесинде гидрогр. экспедицияга катышып, дүйнөнү айланып сүзүп чыккан. 1821-24-ж. Жаңы Жер архипелагынын жээгин, Ак жана Баренц деңиздерин изилдеген экспедицияны башкарган. 1826-29-ж. «Сенявин» кемеси менен дүйнөнү айланган экспедицияны жетектеген; ал Беринг деңизинин жээгин, Камчаткадан Авача колтугуна чейин, Каролина архипелагын (андан 12 аралды ачкан) мүнөздөгөн. Ал экспедициядан кайткандан кийин 1-рангадагы капитан чинин, 1832-48-ж. флигель-адъютанттыкты алган. Орус география коомун уюштуруучулардын бири. 1845-50-ж. анын биринчи вице-жетекчиси, 1857-72-ж. жетекчиси болгон. 1873-жылы Орус география коомунун императору тарабынан Литке атындагы Чоң алтын медаль уюштурулган. 4-даражадагы Ыйык Георгий (1830), Ыйык Владимир (1832), Ыйык Александр Невский (1852; алмаз белги кошо, 1858), Ыйык Андрей Первозванйый (1870; алмаз белги кошо) ж. б. ордендер менен сыйланган. Анын урматына Жаңы Жер архипелагындагы булуң, тумшук, жарым арал, тоо, Франц-Иосиф Жери жана Норденшельд архипелагдарындагы, Байдаата колтугундагы аралдар, Камчатка ж. а. менен Карагине а-нын ортосундагы кысык аталган.
Эмг.: Плавания вокруг света и по Северному Ледовитому океану. М., 2008.
Ад.: Алексеев Анын Ичинде Литке Ф. Т. М., 2008.