БАШКЫ РЕДАКТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''БАШКЫ РЕДА́КТОР ''' – гезит, журнал ж. б. басма редакцияларында, радио | '''БАШКЫ РЕДА́КТОР ''' – гезит, журнал ж. б. басма редакцияларында, радио жана телеберүү каналдарында, көп томдуу басылмаларды (мисалы, сөздүк, энциклопедия ж. б.) чыгаруучу мекемелерде адабий-чыгармачылык, өндүрүштүк-уюштуруучулук иштерди башкаруучу жооптуу кызматкер. Башкы редактор басма сөз органы менен басманын бүтүндөй редакциялык саясатын аныктап, алардын күндөлүк чыгармачылык иштерине түздөн-түз жетекчилик жүргүзөт; редакциялык коллегия (гезит, журналда) менен редакциялык кеӊештин (басмада) иштерине багыт берип турат. Башкы редактор редакциянын ишин пландаштырууга, кадрлар саясатына, финансы-чарбалык абалына, басылмалардын белгиленген мөөнөттө чыгуусуна, ага жазылууну уюштурууга жана таркатууга жооп берет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
15 апрель 2024, саат 07:53 учурдагы соңку нуска
БАШКЫ РЕДА́КТОР – гезит, журнал ж. б. басма редакцияларында, радио жана телеберүү каналдарында, көп томдуу басылмаларды (мисалы, сөздүк, энциклопедия ж. б.) чыгаруучу мекемелерде адабий-чыгармачылык, өндүрүштүк-уюштуруучулук иштерди башкаруучу жооптуу кызматкер. Башкы редактор басма сөз органы менен басманын бүтүндөй редакциялык саясатын аныктап, алардын күндөлүк чыгармачылык иштерине түздөн-түз жетекчилик жүргүзөт; редакциялык коллегия (гезит, журналда) менен редакциялык кеӊештин (басмада) иштерине багыт берип турат. Башкы редактор редакциянын ишин пландаштырууга, кадрлар саясатына, финансы-чарбалык абалына, басылмалардын белгиленген мөөнөттө чыгуусуна, ага жазылууну уюштурууга жана таркатууга жооп берет.